www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бийликте туруп өздөрүнүн курткаларын жаңылаганча, карапайым элди, Кыргызстандын бюджетин ойлошу керек», - дейт белгилүү журналист Айденбек Акматов. Мындай пикирин саясат талдоочу өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«КОНСТИТУЦИЯ ЖАҢЫЛОО "КУРТКА" ЖАҢЫЛОО ЭМЕС...
10-январда президенттик шайлоо менен бирге жаңы Конституцияны капыл-тапыл алып өтүү келечеги бүдөмүк болуп калды. Анткени башкы демилгечи Жапаров аны токтотуп, референдумда башкаруу системасын тандап алууну сунуштады.
Конституциялык кеңешме аны укпагандай түр менен супер-президенттик долбоорду талкуулап жатат. Алар эмне үчүн токтотпойт? Бир билгени барбы?
“Айта берет, кайта берет” дегендей, Жапаров референдумга башкаруу системасын тандоону алып чыгууну жөн эле айтып, соңунда андан баш тартып коюш мүмкүнбү?
Эгерде Жапаров пикирин өзгөртпөй, референдумга башкаруу системасын тандоо коюлса, анда жакынкы мезгилде өлкөнүн саясий турмушу азыркы конституция менен өтөт.
Ага ылайык президенттик шайлоодон кийин шайланган президент биринчилерден болуп парламенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаш керек. Ал азыркы конституциянын негизинде партиялык тизме менен өтөт. Болгону босого 7% эмес, 3% , күрөө 5 млн. сом эмес, 1 млн. сом болот.
Жаңы шайланган парламент гана конституциялык реформа өткөрө алат. Эгерде ал жерде конституцияны өзгөртүүгө жетиштүү күч топтолсо...
Жапаров жана анын айлана-чөйрөсүнүн шашкалактап конституцияны өзгөртүүсүнө АКШ жана Европа Биримдиги “сылык-сыпаа” каршылыгын билдирди. Бюджеттик тартыштыгы 40 млрд. сомдон ашып, жардамга муктаж өлкө негизги донорлордун эскертүүсүн четке какса, анда абал андан бетер оорлойт.
Бийликте туруп өздөрүнүн курткаларын жаңылоого үлгүргөн жетекчилер бул жагын ойлоого милдеттүү. Ансыз келечек бүдөмүк...» , - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg