www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Нарын районунун аймагагында жайгашкан орто мектептерде билим алып жаткан  окуучулар менен жолугушуп, аңгемешүүлөрдү өткөрүп жатышат.Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуучулар  ар кандай кызыккан суроолорун узатышып, жоопторун ала алышты. Мындан сырткары кыш мезгили келип, жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү айыл тургундарына мектеп окуучуларга ата-энелеринин катышуусу менен жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жолугушуларды өткөрүп, жол эрежелери боюнча түшүндүрмө берип,жол кырсыктарын алдын алуу боюнча атайын даярдалган видео тасмаларды көрсөтүүдө.Ошондой эле COVID-19 жугуштуу илдеттин алдын алууда санитарнык эрежелерди туура сактап  бет кап тагынып жүрүү жагы эскертилип жатат.





 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости