www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айданбек Акматов:

Өлкө мыйзамдуу талаага келиши үчүн эл 2021-жылдын 10-январында конституциялык референдум боюнча өз добушун бериши керек. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл мыйзамдуулук орношу үчүн добуш берсе, үмүт пайда болот.

Ал укук коргоо органдары, соттор жеке адамдын өч алуу аракеттери үчүн кыймылга өтөрүн, бирок мыйзамдуулукту орнотууга келгенде аксап каларын айтып, сынга алды.

«Бийлик бутактарын туура түзүп, ордуна койгондо, сот системасы аткаруу бийлигинен көз карандысыз болгондо, сөз эркиндиги сакталып, баарына реакция кыла турган жарандык коом пайда болгондо гана жаман иштер ачыкка чыгып, кылмышкерлер жазасын алышына, мындан ары мыйзамсыздыктарга жол бербөөгө негиз түзүлмөк. Тилекке каршы, учурда алардын бири да жасала элек», — дейт журналист.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости