www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз 8-9-октябрда баарыбыз биригип, аянтка чыкканыбыздын бир эле себеби бар эле. Ал өлкөнү болушунча эртерээк мыйзам таалаасына алып келүү болчу», - дейт министр Тилек Токтогазиев.

6-октябрь окуяларындагы саясий башаламандыктарга катышкан Тилек Токтогазиев ал жерде баары пландалгандай болбогонун билдирди.

«Ким көп киши чогултуп аянка чыгып алса, ким биринчи барып өкмөттү басып алса, ошол бийликти колуна алат деген маселе болуп жатты.

Ар кайсы партиянын жаш саясатчылары чогулуп, тактыктуу, ар кайсы тармакта иштеп кете ала турган талапкерлерди чогулттук. Аларды Жогорку Кеңеш өзү чечип алмак.

Бирок, баары көзөмөлдөн чыгып кетти.

Ал эми Бабанов менен бир аз бири-бирибизди түшүнө албай жаттык окшойт. Негиз план боюнча, Атамбаев «Ала Тоо» аянтына бармак эмес. Болбой эле Атамбаев аянтка чыгып алыптыр. Мен аны кийин билдим.

Ошол учурда эки жакты чабыштырган да күчтөр болду», - деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости