www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ванга жылдын башында Борбор Азияда бир мамлекетте жаңы президент шайланат. Ушул мамлекетте болуп жаткан башаламандыктар жаңы президенттин шайланышы менен токтойт деген. Ушул эле жерде Ванга АКШда эмне болорун да алдын ала көргөнү айтылат. Анда “акыркы президент” жөнүндө кеп болууда. Маалым болгондой, ноябрда аталган мамлекетте президенттик шайлоо өтүп, азыркы президент Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай жатат. Ал Джо Байдендин жеңишине ишенбей, ага кызматты өткөрүп берүүнү каалаган жок. Көзү ачык аял Кошмо Штаттар ички көйгөйлөрүнөн улам дүйнөлүк аренадан четтеп калышы мүмкүн экенин да айткан. Алардын ордун “күчтүү ажыдаар” ээлейт деген. Кеп Кытай жөнүндө гана эмес, Орусия менен Индия тууралуу да болуп жатат. Ванга эл “кызыл акчаларды” колдонуп каларын белгилеген. Эскерте кетсек, 100 юань менен 5000 рубль кызыл түстө,20 сом да.

Ванга 2021-жылы АКШдагы жаратылыш кырсыктары катталарын да айткан. Анда Калифорния штаты жаан көп жаагандан улам суунун алдында калышы ыктымал. Ал эми Лос-Анжелес, Сан-Франциско жана Сан-Диего шаарлары бороон-чапкындан улам жок болуп кетүү коркунучунда турары айтылып кеткен. Европа менен АКШны каптаган кризис Орусияны кыйгап өтүп кетчүдөй. Орусия Федерациясын айтып келип, "Согушту көргөн жокмун, алоолонгон от жана күл көрүнбөйт" деп айткан, баштагыдай эле бөлүнбөс мамлекет бойдон кала берет деген. Айтымга ишенсек, дал ушул Орусия дипломатиялык жана саясий эркин көрсөтүп, бүтүндөй планетада тынчтыкты сактап кала алат жана башка мамлекеттердин агрессивдүү кадамдарын ооздуктай алат. Конфликттерди жакшы жагына чечүү ишинде орусиялык лидер эң башкы ролду ойнойт, анын натыйжасында, планетадагы бейпилдик кылымдар бою сакталып кала берет.

Белгилүү болгариялык көзү ачык Ванга 2021-жылы Россияны демографиялык кризис күтүп турарын айтып, АКШда акыркы президент шайланып, жаратылыш кырсыктары болорун божомолдогон.

Көзү ачык Орусиядагы демографиялык кризис биринчи жарым жылдыкта болот деп боолгологону айтылды. Эксперттер белгилегендей, бул коронавирус инфекциясы менен байланышта болуусу толук ыктымал. Жылдын экинчи жарымында кырдаал жакшырат.

Ванганын 2020-жылы айтылгандарынын көбү төп келди. Көзү ачыктын пикири боюнча, бул жыл бүтүндөй адамзаты үчүн чукул өзгөрүүлөрдүн жылы болот деген. Бизди көптөгөн сыноолор күтүп турат. Вирустук жаңы оорулар пайда болуп, мунун аркасында өлүм көбөйүп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө жайылат. Орусиядан 2020-жылы аман калуунун аргасын табышат. Демек, коронавирустун кутулуунун дарысы Ванга айткандай 2020-жылы эле табылды. Учурда коронавирус илдетин каршы дарыларды бардык мамлекеттер иликтеп жатышат. 2020-жылы ушул вирустан улам глобалдуу экономикалык кризис капталды. Экономикалык кризиске Орусия Федерациясы да кабылып, бирок, бул мамлекет кризистен чыгуунун жолун табат.

«Өнөктөштөр» баштагыдай эле орусиялык негизге таянат. Көптөгөн өлкөлөрдү вирус каптаганы менен, Орусия, Борбордук Азия ага моюн сунбайт. Келерки жылдын түшүмү ички керектөөнү канааттандыргандан тышкары, кыйын кырдаалга тушуккан кошуна мамлекеттерге да бөлүштүрүүгө жетет. Ванганын дагы бир айтымы кызыгууну жаратат: "Чабалекей өз уясына кайтып келет". Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей - Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда "Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат" делет. Бул эже-сиңдилер - Орусия, Украина жана Белоруссия болушу ыктымал деген ой келет. Белоруссия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украина менен Орусиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн. 2021-жылы Украина жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмекчи. Жыл аягында Украина менен Орусиянын ортосунда үзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында РФ президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Ванга 2021-жылы Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн. Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт... Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2021-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости