www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында кытайга жүк ташып кирген чоң машина айдаган айдоочулар арыз арманын айтып, өкмөткө кат жолдошту. Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайралышкан. Бирок ал кишинин колунан эч нерсе келбей койгон соң гана өкмөткө кайрылууга аргасыз болушкан.

Айткандай айдоочулар кытайга кирип чыккан сайын бир жолу эле эмес, үч-төрт жолудан рентьгенден өтүп, анын залакасы ден-соолукка  терс таасирин берип жатыптыр. Бул маселе билинбегени менен чоң түйшүк жаратарын эске алганыбыз жөндүү. Анткени реньтгенден адам баласы бир жылда эки жолу өтүү зыян экенин билебиз. Ал эми кытайга кирип чыккан сайын бир эле жолу эмес, үч- төрт жолу рентьгенге түшү чынында эле катуу залал келтирээри турган иш. Ушул маселени эми ким чечип берет, ал азырынча белгисиз.

Айткандай  саламаттыкты сактоо министри 85 миң долларлык машинасы менен чек арага жетип барып, кытай коңушулар менен сүйлөшүп ордунан чечип келсе болмок, элдин камын ойлоп.

Аткандай мындай кыйчалыш учурда кереги тийбеген машинанын качан пайдасы тийет?-дегендер да чыкты. Ушул сыяктуу майда-барат иштерге дагы өкмөт башчы чуркаса, анда кара кастюм шымды кийип, галстук тагынып, кычырап көрүнгөн министерлер эмне иш кылышат болду экен?

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости