www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ири суммадагы акча каражатын опуза талап кылууга шектелген жаран кармалды.

2019-жылдын март күнү ички иштер органдарына опуза талап кылуу фактысы боюнча  арыз келип түшкөн. 2016-жылы эки адам криминалдык авторитет катары өздөрүн тааныштырышып,  физикалык күч колдонуу жолу менен коркутушуп,  ишкерден 1 400 000 сом суммасындагы  акча каражатын ээлеп алышкан.

Жайыл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин   203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалоо) негизинде сотко чеийнки иликтөөлөрүн баштаган. Кийинки иликтөөлөргө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери киришкен. 2019-жылдын 23-март күнү сотко чейинки иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жошоочусу шектүү катары кармалган.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жаран мурда баңгизатты сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана УКТнын биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам катттоосунда туруп, криминалдык чөйрөдө “Смотрящий” макамына ээ.

Кармалган күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилип,  сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости