www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Разаков шпионбу?

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар вице - премьер министр Жеңиш Разаковду ит талагандай талап, ар тараптуу суроо берип абдан жүдөтүштү. Ал турсун депутат Мурадыл Мадеминов:

-Сизди керек болсо эл дагы айтып жатат, “Тажиктердин тыңчысы”, деп. Ушул суроого жооп бериңизчи?-деп талап койсо Алтынбек Сулайманов:

-Эмне ачык жооп бербей жабык эшиктин артында жооп берем деп калдастап жатасыз, демек элдин айтканы туурабы, анда сиздин шпиондук кылып жүргөнүңүз чынбы?-деп Жеңиш мырзаны жарга такады. Жеңиш мырза тентек кылып энесинен тил уккан баладай эч жооп айта алган жок. Бул ишти УКМК териштирмей болду. Айткандай Жеңиш мырза Баткенге барганда карапайым калк дагы “сен тыңчысың, шпионсуң” деп айткан кептери кандайдыр бир бүдөмүк ойду пайда кылып келет.

 Бул окуя тээ илгерки немистерге сатылган шпиондордун элесин бергенсип да кетти. Бирок, Жеңиш мырзага андай жаман жорукту ыраа көрбөй туралычы, кантсе да эл тагдырын чечип, барандуу кызматтын креслосун кучактап олтурбайбы. Деги элдин оозун ким тыйыптыр, айтылган сөздөр “ылайым калп болуп калса экен” деп тилек кылып тура туралычы, жаман нерсени баштабай.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости