www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандын коомдук-саясый жана мекенчил уюмдардын кезектеги жыйынына коомдук-жарандык уюмдун өкүлдөрү, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер Дастан Сарыгулов, Эмилбек Каптагаев жана башкалар "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тез арада кылмыш иши козголушу керек" деген пикирин айтты.  

Андан сырткары Бекболот Талгарбеков дагы чукул арада Атамбаевге кылмыш иши козголуш керек экендигин жар салды. Жыйынга катышкан саясый куугунтуктаган темир тор артына кетип жакында эле эркиндикке чыккан Кубанычбек Кадыров мурдагы жакын санаалашы Атамбаев тууралуу пикирин айтты.

--Атамбаевге кылмыш иши козголуп камалышы керекпи?

--Сөзсүз, албетте камалышы керек. Эмне үчүн дегенде Атамбаев бийликти узурпация кылып алды. Атамбаев өзү президент, өзү Өкмөт, Жогорку Кеңештин төрагасы, ИИМ министри, УКМКнын жетекчиси баары болду. Аны элдин баары билет. Өзү ,"муну, тигини чыгарып койсом болмок, тигини камап койсом болмок", деп айтты. Көрдүңөрбү, ал убакта мыйзам иштеген эмес. Ошон үчүн мамлекетти биз баш-аламан кырдаалга келдик. Андыктан  Атамбаевдин жеке өзүнө эмес, Атамбаевдин эки уулу Сейит менен Сейтекке, Индира Жолдубаевага, Абдил Сегизбаевге кылмыш иш козголушу керек.

Анткени булар кылмыштуу жамаат түзүп алышкан. Албетте аларга кылмыш иши козголушу зарыл, бул элдин да талабы болуп жатат. Атамбаев элдин башын айландырып Курманбек Бакиев менен Акаевди жамандап жүрүп ошо менен алты жылды өткөрүп жиберди. Мына Атамбаев коррупциялык иштерде бүт баарында айтылып келди. Ошонун баарын Атамбаевдин убагында аны, балдарынын коррупциялык иштерин ачык айтканыбыз үчүн мен, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбеков, башкалар камалбадыкпы?!

--Рахмат.

Эске сала кетсек, КР коомдук-саясый  жана мекенчил уюмдарынын биринчи Курултайы 2018-жылы 24-ноябрда болуп өткөн. Бүгүн, 26-мартта ноябрь айында өткөн Курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу боюнча аткаруу комитетинин V-конференциясы болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости