www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандын коомдук-саясый жана мекенчил уюмдардын кезектеги жыйынына коомдук-жарандык уюмдун өкүлдөрү, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер Дастан Сарыгулов, Эмилбек Каптагаев жана башкалар "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тез арада кылмыш иши козголушу керек" деген пикирин айтты.  

"Атамбаевди 1-апрелден баштап 10-апрелге чейин тиешелүү чараны өлкө боюнча көрсүн деп кайрылыш керек. Эгерде, ошол кайрылуудан кийин “катамды оңдойм, адашып калдым”-деген адамдын нафир аракеттери болсо, анда мыйзамга ылайык иш козгоп жоопко тартыш керек" - деди Дастан Сарыгулов жыйындын жүрүшүндө.

Ага кошумча, "Бийликти" биз басып алган жокпуз. Бийликти мына Атамбаев басып менчикке айландырды, каалаганын кылып, каалаганын камап, каалаган кенди берди. Эки оозунун сүйлөгөн сөзү “Алла Таала-Алла Таала”. “Алла Талаа” - деп айтып жүргөндөрдүн кылыгын көрүп эле атпайбызбы? Ошон үчүн, бул кайрылууну маанилүү деп айтат элем. Бүгүн андан көрө мамлекетке тынч туруктуулукту камсыз кылалы. Атамбаев бийликке келгени ушундай провокация болуп атат. Тез арада бийлик Атамбаевге чара көрүшү зарыл",- деди Дастан Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости