www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Акматбек Келдибековдун "бургер" кармап турганы боюнча учурда социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүүдө. Бургер тууралуу Келдибеков өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.

--Саламатсызбы, учурда социалдык тармактарда сиздин бургер кармап олтурганыңыз боюнча каттуу талкуу кетти. Сиздин оюңузду уксак...

-- Мени кубандырганы кыргыз жигиттери бургерди ачканы жакшы көрүнүш. Каныбек деген кыргыз жигиттери иш жүргүзүп жатат, бул оңой-олтоң иш эмес. Тимати келгенине гонарар алат да. Эми бул чоң шоу... KFC менен Макдональдсдын келгени мамлекетке инвесторлордун ишеничин арттырат. Кечээги бургер боюнча айта турган болсом, ишкер жигиттер бизди конок катары чакырган.

Негизи бургерди кармабай эле койсом деген болчумун. Албетте, нандан улуу эч нерсе жок, ары жакта турган 2-3 жаш балдарга бургер алып бергенмин. Эми эл арасында ар түрдүү талкуу жүрүп жатат. Биз саясатчы болгондон кийин жакшы жана жаман сөздөргө чыдашыбыз керек. Бирок кечээги өткөн шөкөт кыргыз ишкер жигиттеринин жетишкендиги деп айта алам. Аларды колдошубуз керек. Мисалы ошол эле бургердин эти кыргыздын малынын этинен жасалат. Бул экономикага гана түрткү берет.

--Сын-пикирди кандай алып жатасыз?

--Мени жакшы көргөнү бар, жаман көргөнү да бар,ага саясатчы көз карашым катары туура эле.

--Кармап турган элдин көзүнчө  бургерди жедиңизби?

--Жок, жегеним жок.Ошол жерде турган жаш балдарга берип койдум...

--Рахмат!

-- Рахмат!

Саясатчы Ахматбек Келдибековдун "бургерди" кармап талкууга түшкөн сүрөтү боюнча активист Урмат Акуновду кепке тартык.

--Азыр кыргыздарга эч нерсе жакпай калды. Төө десең бээ демей заман. Кыргызда нандан улуу эч нерсе жок деген сөз бар. Баарыбыз кара курсактын айынан тирилик деп жүрөбүз. Эгерде Келдибеков бургерди алып жанына коюп койсо "байлыгына чиренди, курсагы ток да", деп мындан жаман тепкиге калмак. Колуна кармап кийин жаш балдарга бергени туура эле, жеп олтурса бир жөн эле, - деди Урмат Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости