www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныгы дос эмнеге сөөмөйүнөн ажырады?

Жашоодо “эр жигиттин жети ырыскысы болот” деп айтылат. Ошол жети ырыскынын бири күйүмдүү дос. “Миң дос күткөнчө бир дос күт “ деп да бекер айтылып калган эмес. Эмесе эки достун ортосундагы мамиле жөнүндө кеп учугун чыгарсак, анда сөз башынан болсун.

Асанаалы менен Дүйшөнбек тээ бала кезинен бери дос болуп, бойго жетип үйлөнгөндө дагы бирине-бири күйөө жолдош болуп барып, балдар төрөлгөндө бала бешик тойго келип, кыскасы жакшылыктарында да кыйналган күндөрүндө да бир болуп, жашоо сапарында достук милдетке катуу турушту. Бул эми чыныгы достуктун милдети.

Бир күнү Дүйшөнбек үч айга Андижанга мал алып соода кылганы кетет. Кетээринде досу Асанаалыга дайындайт, “үйгө келип аяшыңдын кем карычына жардам берип тур” деп.

Асанаалы, Дүйшөнбектин айткан аманатын аткарып, досунун үй-бүлөөсүнө ай сайын келип отун-сууну камдап берип, бир күндүк жолду алыс деп эсептебей келип-кетип колунан келген жардамын берип турат.

Асанаалынын бул кылган эмгегине досунун аялы абдан ыраазы болуп, аны эмне кылып ыраазы кылышты билбей катуу ойлонот.

Арадан билинбей үч ай убакыт өтөт, бирок досунан али дайын жок. Мурунку күнү келип, айлана тегеректи ирээттеп, отун сууну камдап кетейин дегиче убакыт кеч болуп калып бул күнү үйгө түнөп калат.

Кечке чарчаган жаны катуу уктап кетет. Бир убакта аяшы жанына келип ойготуп, жанына жатуу үчүн аракет кылат. Бул көрүнүшкө катуу капа болгон Асанаалы сөөмөйү менен түртүп, аяшын жанына жакын жолотпой коёт. Анткен менен аяшынын дагы амалына туура түшүнөт. Себеби  ал Асанаалыны ушул жол менен гана ыраазы кылбаса, башка анын амалы жок болучу.

Түн ортосуна чейин уктай албай жатып Асанаалы уктап кетип, эртең менен ойгонсо күн тоо башынан эбак көтөрүлүп, эл эчак күнүмдүк жашоо менен алп урушуп кыймыл башталып калган болот.

Асанаалы таңкы наарга жаңы гана олтурган кезде досу алыстан келип калып, эки дос кучак жайып көрүшүп, бири-биринин абалдарын сурашат. Экөөнүн сөзү түгөнбөй, бул күнү досу кетирбей мал союп коноктоп, эртеси күнү Асанаалыны, Дүйшөнбек досу жарым жолго чейин узатып келет. Качан коштошордо Асанаалы кынынан канжарын сууруп чыгып, сөөмөйүн ээрдин кашына коюп туруп, чаап салат. Бул окуяга күбө болгон досу таң кала карап:

-Ой, сага эмне болду, эмнеге сөөмөйүңдү чаап салдың? - деп жан алы калбай сураганда Асанаалы аккан канды токтотуп, жакшылап таңып анан минтип айткан экен:

-Досум, кечээ ушул сөөмөйүп аяшымдын денесине тийип кеткен, мен үчүн сөөмөй ашыкча болуп калды, эми мен сенин алдыңда акмын. Ушул сөөмөй мага кечээтен бери ашыкча болуп туруп алды! - деп айткан экен. Мына чыныгы достукка берилгендик, достун ак дили, таза соккон жүрөгү. Эгер аяшы жанына келбеген болсо, анда сөөмөйүн чапмак да эмес. Ошондо дагы аяшынын кылган кылыгын жашырып, аны эстен чыгарып, күнөөнү өзү моюнга алганы бул чыныгы эркектик сапат эмей эмне. Андыктан “дос” деген достук милдетти аткарып, ар кандай азгырыктарга да туруштук бериши керек экенин эске салабыз.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости