www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулардын айып пулу миллиарддап саналууда

Орусиядагы айдоочулардын жолдо жүрүү эрежесин бузганы үчүн чегерилген айып пулу бир жыл ичинде 11,3 миллиард рублга жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги соттук приставдардын федералдык кызматына таянып жазды.

Орусиянын Ички иштер министрлигинде 2020-жылы 145 миллион ирет жолдо жүрүү эрежесин бузган учур катталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогору.

Айып пулдардын басымдуусу же 124 миллиону ылдамдыктын чегинен ашканы үчүн жазылган.

Расмий статистика боюнча, 2019-жылы Орусиядагы жол кырсыктарынан 17 миңдей адам каза болду, алардын беш миңден ашууну жөө жүргүнчүлөр.

Белгилей кетсек, 210 миң адам жолдон жараат алган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости