www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 4-январдагы жыйынында Алай жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту.
Ал эми бош калган депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:
Алай району:
Гүлчө айылдык кеңешинен Исаев Сүйөрбек Курманбековичтин ыйгарым укугу жергиликтүү кеңештин депутатынын иши менен коошпогон кызмат ордуна дайындалганы үчүн жеке арызынын негизинде ыйгарым укугу токтотулуп, депутаттык мандат убактылуу иштебеген Ибраимов Залкарбек Шарабидиновичке тапшырылды.
Сузак району:
Кара-Алма айылдык кеңешинен Сооронбаев Кыялбек Камчыбековичтин ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, депутаттык мандат жеке ишкер Аманов Алмаз Курманбековичке тапшырылды.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg