www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 32…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости