www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтүп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу жана сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу соттун өкүмү чыкты.

Ушул тапта Батукаевдин иши боюнча өкүм окуулуда.

Буга чейинки соттук отурумда Мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

Мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну;

Академик, дарыгер Абдулхалим Раимжанов - 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоону суранган.

Эске сала кетсек, жалпысынан Батукаевдин иши боюнча 19 адам айыпталуучу катары каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости