www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошум экөөбүз үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калганыбызга 10 жыл болду. Ал бир мүнөз, мага катуу кыйкырып сүйлөбөгөн жолдош, балдарына мээримдүү ата. Бири-бирибизди сыйлап, жакшы көргөн үчүнбү, экөөбүздүн сүйүүбүз чынгы сүйүү деп ойлоптурмун. Көрсө андай эмес экен...

Мындан эки жыл мурда кайын сиңдим менен жай баракат сүйлөшүп отуруп, күйөөмдүн бойдок кезиндеги сүйүүсү тууралуу билип калдым. Окуяны сөздөн-сөз чыгып кетип кайын сиңдим байкабай айтып алып, өзү да чочуп кетти.

Окуя жолдошум аскерге бара электе башталат. Жолдошум бир кызды сүйүп, ал да менин жолдошумду катуу сүйгөн экен. Экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-биринин ата-энелерине чейин таанышып алышкан. Анан убакыт келип, жолдошум аскерге кетет. Аскерден келгенге бир ай убакыт калганда сүйгөн кызын башка эле бирөө ала качып кеткен экен. Күйөөм келгенде угуп алып, кызды алып келели деп анын апасынын алдына келип чөгөлөп ыйлаган тура. Кыздын апасы ал бирөөнүн бүлөөсү болуп калганын айтса да, болбой “алып келеличи, мен үйлөнөм, башканын бүлөөсү болгонуа да карбайм” деп жалынып, жалбарат. Акыры энеси көнүп, ала качып кеткен баланын үйүнө барышат. Ал жактан кайын журту, кудайыгынын башын айлантып, “кызыңыз бирөөнүн бүлөсү болуп калды, кудагый андай болбойт. Ал биздин келин да. Экөө жакшы эле, бактылуу жашап кетишет” деп жөнөтпөй коюшкан экен. Энеси ыйлаган бойдон менин жолдошумду жетелеп, кызын ала албай кете берет. Сүйгөнүм менен кетем деп дайын турган кыз, экөө кетээри менен сарайга барып асынып алат.

Кайын сиңдим жолдошум сүйүктүүсү каза болгондо мүрзөсүнө барып, ыйын токтото албай, кечирим сураганын айтканда чыдабай ыйлап жибердим. Жок, мени сүйбөйт экен деп эмес, бул жалган жашоодо чыныгы сүйүү бар экенин жана ошол сүйүүнү жараткандын бири менин күйөөм экенине ыйладым. Окуяны угуп баштаганда оюмда жолдошумду эмне гана кылып салган жокмун. Бирок, акырына чейин укканда жолдошума кандайдыр бир аёо сезим пайда болду.

Ошондон кийин жолдошум көп жылдар бою эч кимге үйлөнбөй, эч ким менен сүйлөшпөй, акыры мени менен баш кошкон экен. Кайын сиңдимдин айтымында, жолдошум ушул күнгө чейин ошол сүйүктүүсүнүн мүрзөсүнө ал жакшы көргөн гүлдү алып барып, куран окуп, аны менен сүйлөшүп турат . Мен жолдошума баарын билеримди айтып, мен дагы мүрзөгө барып, куран окуп келсем болобу деп сурангым келет. Бирок, эски жарасын жаңыртып аламбы деп корком. Эмне кылсам, сурансамбы же унчупай эле жүрө берейинби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости