www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан KFW (Германия) фондунун каражаттары боюнча 1 300,0 млрд сом суммасына аукцион өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара 2020-жылдын 23-июнуна пландаштырылган, «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат.
Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:
1. «Айыл Банк» ААК
2. «Бакай Банк» ААК
3. «Банк Азии» ЖАК
4. «Банк Компаньон» ЖАК
5. «Демир Банк» ЖАК
6. «КБ Кыргызстан» ААК
7. «Оптима Банк» ААК
8. «Финка Банк» ЖАК
9. «Халык Банк» ААК
10. «РСК Банк» ААК
Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн.
KfW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.
Булак: NazarNews.kg