www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 1-июлга чейин коронавирустун жайылышы эң жогорку чекке жетет. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат булактарына интервью берип жатып билдирген.
“Эгерде 10-июлга чейин вирустун жайылышы азайбаса, 15-июлдан кийин шаарды бир жумага жабууга мажбур болобуз. Ошондо илдет азайышы мүмкүн», – деди Түлөбаев. Мындай пикир анын жеке ою гана экенин баса белгиледи.
Түлөбаев коронавирус бар экенин элге дагы кандай далил менен көрсөтүү керектигин белгиледи.
«Баарыбыз көрүп турабыз коронавирус жуктурган Жогорку Кеңештин басма сөз аппаратынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу, мэр Азиз Суракматов, депутаттар ооруканада жатат. Бир эл өкүлүнүн абалы оор реанимацияда. КТРКнын журналисттеринен илдет аныкталды. Мен дагы эмнени айтышым керек? Силерге вирус бар экенин ишендирүү үчүн кандай жалдырашым керек? Мен өзүм өлүшүм керекпи? Билбейм дагы эмне деп айтаарымды?», – деди Балбак Түлөбаев.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. 23-июнга карата илдетти жуктуруунун жалпы 3519 учуру катталды. Анын 2054и айыкса, 41 кишинин өмүрүн алган. Абал оор деп мүнөздөлүп жаткан аймактар: Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустары.
Булак: NazarNews.kg