www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын түздөн-түз милдети мамлекеттин чыгаша жана киреше бөлүмүн көзөмөлдөө. Министрдин айтымында, дефицит Мамлекеттик салык кызматы тарабынан - 5,5 млрд сомду жана Бажы кызматы тарабынан - 7,7 млрд сомду түздү. Бул 5 айдын ичинде жалпы алганда 13,3 млрд сомго жакын каражат.  "Экономикалык ишмердүүлүк кайра жанданып, чек аралар ачылганда бардык жетишпестиктерди толуктайбыз деп ишенебиз", - деп белгиледи министр. 

Ал:"Кыргызстанда эпидемиологиялык абалды эске алуу менен бюджетте жетиштүү каражат барбы?" деген суроого жооп берип жатып: "Биз мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө эске алууга аракеттендик. Өзүңүздөр билгендей, COVID-19 менен күрөшүү үчүн жетиштүү өлчөмдө каражат тартылган, ошол эле учурда, бардык саламаттыкты сактоо линиясы боюнча төлөмдөр эске алынган. Эгерде кырдаал курчуп кетсе, анда биз тиешелүү чараларды көрөбүз", - деди. Эмне деген чараларды көрөт болду экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости