www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жаңжалдашкан абысындардын бирине сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун расмий сайтында кабарланды.

Каармандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.

Айыпталуучу: Нуриля (М.Н.Б.) 1976-жылы 25-сентябрда Нарын облусунда туулган. Жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү эки баласы бар, мурда соттолбогон.

2018-жылы 13-июль күнү Нуриля күйөөсү Т.М. жана бир тууган кайын эжелери, ага-инилери, жеңе-келиндери жана алардын балдар-кыздары болушуп (өздөрүнүн кайын журту менен) Нарын шаарына каза болгон аяш атасына чогулуп барышып, куран окутушкан. Андан соң ар кимиси жашаган жерине Чүйгө, Бишкекке жана башка жерде жашагандыктан тарап кетип бара жатышкан.

Жолдон арак, кымыз ичишип, эс ала кетишкени Тоң районундагы "Бар-Булак" эс алуу жайына эс алып, сууга түшкөнгө  үч даана боз үйдү ижарага алышкан. Кечинде саат 20:30дар чамасында ашканадан ага-ини бир туугандар эт жешип, тамактарын ичишип, эс алганы башка боз үйгө кетишкен. Ошол маалда ашканада кыздары менен келиндери чай ичишип өздөрү менен кошо ала келишкен (устукан) эттерин бөлүшүп, тамак жеп отурушуп, абысындар ортосундагы буга чейинки бири-бирине болгон түз эмес көз караштан, устукан эт бөлүшүүдөн Нуриля менен жеңеси (абысыны) А.В. экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, оозеки уруша кетишкен.

Нуриля абысыны А.В.нын саламаттыгына атайылап жеңил залал келтирүү максатында башка чаап, баса калып, ичке тепкилеп, сабаган. Мындан сырткары, колуна боз үйдөн тамак-ашка колдонуучу ашкана бычакты алып А.В. коркутмакчы болгон Нуриляны ал жерде отурушкандар ажыратып калышкан.

Натыйжада жабырлануучу В.А. соттук-медициналык экспертизанын №513 сандуу корутундусу боюнча ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракатын алган.

Бул тууралуу айыпталуучу Нуриля: “Мен айыпты мойнума албаймын. 2011-жылы М.Т.га турмушка чыкканмын. Ошондон баштап эле В.А. экөөбүздүн бири-бирибизге болгон мамилелерибиз келишпей, урушуп, чатакташып жүргөнбүз. Себеби күйөөмдүн биринчи аялы В.А.нын бөлөсү болгон жана экөө ажырашып, мени алгандан бери В.А. мени көрө албай, кайын журтумду мага каршы тукуруп келет. Соттон жеңил жаза берүүнү сураймын”, - деп көрсөтмө берген.

Ал эми жабырлануучу В.А. аны Нуриля бычак менен коркутканга аракет кылганын айтып, соттон тиешелүү жазасын берүүнү сураган.

Натыйжада сот: “Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 67-берененин 1-б.1-п., негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргендиктен, жаза жоопкерчилигинен бошотулсун”, - деген чечим кабыл алган.

Өкүмгө нааразы тарап 30 сутканын ичинде Тоң райондук соту аркылуу, Ысык-Кол облустук сотуна даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу. Соттун өкүмү 2019-жылдын 13-июлунда чыккан.

Иллюстративдик сүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости