www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө жана анын ичинен Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетинин (COVID-19) пайда болушуна байланыштуу, Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан аталган илдеттин мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн бир катар алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга бир четинен айрым кызмат көрсөткөн чөйрөлөр кеңейтилгендигине байланыштуу Чүй облусунун аймагында дагы аталган илдетти жугузуп алгандар көбөйүүдө. Кээ бир жоопкерчиликсиз жарандар тарабынан медицина кызматкерлеринин бардык сунуштарын тоготпостон кайдигер мамиле кылынып, өздүк гигиенанын жөнөкөй чаралары сакталбай жатат. Ушуга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдары жарандардын арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.
Чүй облусунун ички иштер органдары жарандарга кайрылат:
"Урматтуу жарандар коомдук жайларда өздук гигиенанын жөнөкөй эрежелерин сактаңыздар. Калк жыш топтолгон жерлерден алыс болууга жана жашы жете элек балдарыңыздарга мүмкүн болушунча көзөмөлгө алууңуздарды суранбыз", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg