www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде Финпол абдан катуу иштеп жатканы белгилүү. Ал 700 миллион доллар сыртка чыгарып кетти деген материалды иликтеп, чын бышыгына жетип, чет мамлекетке которулган ар бир акчанын эсебин чыгарышты. Эми Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) Бишкекте жасалма арак өндүрүп, сатып жүргөн топ аныкталганын кабарлады.
Маалыматка караганда, бул спирт ичимдигин “АЮ” аталышы менен чыгарып келишкен. Ыкчам иликтөө учурунда алкоголдук ичимдиктерди Ош базары тарапта жеке үйдө көптөн бери чыгарып келишкени аныкталган.
Аталган факт боюнча 229-берененин 1-бөлүгү боюнча (“спирттик жана спирттик кошулмасы бар суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу”) сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»