www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрүн сунуштайбыз. Кулагыңарга күмүш сырга болсун!

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Александр Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн. 1956-1958-жылдары Москвадагы жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген аталышта 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда башталат. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958), "Жамийла" (1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыккан. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирген. "Кызыл жоолук жалжалым" (1961), "Бото көз булак" (1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийикке көтөрүлгөн.

Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлге көтөргөн. Ошондой эле улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизген. Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан улам дүйнө алмаштырган.

Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү

Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.

***

Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.

***

"Дос кыйынчылыкта билинет" дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.

***

Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.

***

Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.

***

Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.

***

Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың...

***

Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

***

Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

***

Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

***

Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.

***

Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу.

***

Чыныгы ашыктар баш кошушпайт. Балким, бул туура чыгар. Анткени үйлөнгөндөн кийинки тиричиликтин түйшүгү улуу, аруу сезимдерди жеп коёт. Махабатыбызды никеге байлап эмне кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости