www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти муз үстүндө балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Чүй-Бишкек балык уулоочулар жана балыкчылар коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп жаткан бул иш-чара 23-январга белгиленген.

«Иш-чара сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында уюштурулууда. Биздин өлкөдө спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Учурда Балык чарба департаменти дарыя сууларында жашоочу осман жана форель балыктарын кармоого уруксат билеттерин берет», — деп билдирген Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов.

Мелдеш Төмөнкү Ала-Арча каналындагы 3-суу сактагычта өтөт. Каалоочулар команда түзүп катыша алышат. Командада капитанды кошкондо төрт адам болушу керек.

Толук маалымат алуу үчүн 0 (312) 31 86 23, 0 (312) 319046, 0 700 95 69 40 номерлерине кайрылууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости