www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 21-январда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев видеоконференция форматында болуп өткөн Азия кызматташтык диалогунун (AКД) тышкы иштер министрлеринин 17-кеңешмесине катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жыйындын жүрүшүндө АКДга катышуучу-өлкөлөрдүн туристтик потенциалын өнүктүрүү маселелери талкууланып, кызматташууну кеңейтүүнүн жана пандемияны токтотуучу чараларды координациялоонун, ошондой эле экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министрдин биринчи орун басары Ниязалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы ички саясий өзгөрүүлөр жөнүндө кыскача маалымат берип, өлкөдөгү кырдаалдын турукташтыгына, ошондой эле болуп өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктарына токтолду.

Кыргыз Республикасынын туризм жаатындагы зор потенциалын белгилеп, кыргыз делегациясынын башчысы AКДга катышуучу-өлкөлөрүн туризм тармагын өнүктүрүүдө тыгыз кызматташууга чакырды, бул дүйнөлүк маданий өзгөчөлүктөрдү изилдөөгө гана мүмкүнчүлүк бербестен, өлкөлөрдү жана элдерди бир-бирине жакындаштыруу менен бирге Азия мамлекеттеринин экономикалык өсүшүнө да өбөлгө түзөт.

Уланып жаткан пандемиянын алкагында Ниязалиев коопсуз туризмди өнүктүрүү тажрыйбасын жайылтуу сунушун киргизди жана ушуга байланыштуу АКДга катышуучу-өлкөлөрдү жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Дүйнөлүк туризм уюму жана Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) сыяктуу эл аралык уюмдарды бүгүнкү мезгилге чейинки топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүүгө чакырды. Ошол эле учурда, ал коронавируска каршы вакциналарды бардык өлкөлөрдүн ортосунда бирдей бөлүштүрүлүшүнүн маанилүүлүгүн эскертип, ал адилеттүү бөлүнбөй калса дүйнө жүзүндөгү туризм тармагы олуттуу зыянга учурай тургандыгын баса белгиледи.

Видеоконференциянын аягында тараптар Анкара декларациясын жана аймактык кызматташтыктын учурдагы багыттарын чагылдырган 2021-2030-жылдарга карата кызматташтык боюнча АКДнын планын кабыл алышты.

Маалымат үчүн: Азия кызматташтык диалогу (АКД) 2002-жылы 19-июнда Ча-Аме шаарында (Тайланд) Тышкы иштер министрлеринин 1-жолугушуусу учурунда түзүлгөн.

Азиядагы кызматташтык диалогу саясий жана экономикалык кызматташуунун ар кандай чөйрөлөрүндө Азиядагы өз ара аракеттенүүгө байланышкан көйгөйлөр боюнча консенсуска негизделген диалог, кеңешмелер, чечимдерди кабыл алуу жана иш-чараларды өткөрүү максатында түзүлгөн. AКДнын курамына 34 мамлекет кирет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости