www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-январда тилчи илимпоз, профессор Сыртбай Мусаев Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Дайындоо жарлыгына президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов кол койгонун Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын буга чейинки жетекчиси, тилчи, педагог, профессор Назаркул Ишекеев өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Сыртбай Мусаев 1953-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр кыштагында туулган. Ал - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор, Кыргызстан УИАсынын мүчө-кабарчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости