www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тула облусунун тургуну атайын операциянын катышуучуларынын тогуз баласын куткарып калды. Бул тууралуу РИА Новости облустук бийликтин сайтына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Анападагы санаторийде эс алып жаткан балдарды мектеп мугалими Татьяна Шуленина коштоп барган. Кайра келе жатканда унаанын айдоочусу күтүүсүздөн эсин жоготкон.

"Татьяна өз убагында чара көрүп, унааны башкарууну колго алып, балдарды унаа көп каттаган трассадан коопсуз жайга алып чыгып, айдоочуга тез жардам кызматын да чакырган. Анын аркасынан аталган кырдаалдан эч ким жабыркаган эмес", - деп айтылат маалыматта. 

Тула облусунун губернатору Алексей Дюмин Татьяна Шуленинага "Даңк жана Эрдик" медалын берүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости