www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөктүн урап түшкөнү боюнча Ош шаардык мэриясы билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык, жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөктүн жаңыдан куюлуп жаткан бетону агып түшүп калган.
"Жөө өтмөк кулап түштү, көпүрө кулады деген маалыматтар тарап жатат. Өтмөктүн бетон куйган тарабы турат. Эч нерсе болгон жок. Азыр айтылып жаткан жер бетон куюу учурунда бир бөлүкчөсүндө техникалык мүчүлүштүк болуп, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калган. Өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес", – деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиевдин айтуусуна караганда, келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алган.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарындагы Масалиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөк урап түшкөнү тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.
Булак: NazarNews.kg