www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсенбай бийдин үйүн көздөй Ниязбектин сегиз бегинин тукуму Касымалы болуш алыскы Ак-Талаадан семиз ак боз бээ жетелеп аттанат. Касымалынын бир тилеги Эсенбайдан бата алуу болгон. Эсенбай кыскача бата берет: «Өлүп туулган жан берсин» деп. Касымалы түшүнбөй сурайт, Эсенбай айтат эмки жазда түшүнөсүңөр деп. Ошол жылы кыш катуу болот, элди кара тумоо басат. Касымалынын үй-бүлөсү бүтүндөй ооруп, бирок аман-эсен чыгат, ошондо Эсенбайдын батасынын сыры белгилүү болот. Көрсө кара тумоодон аман-эсен чыккыла деген экен.

2020-жылы 17-мартта Эсенбайдын келини Күлүйпанын токсондон ашып көзү өттү. Апамды коюп үйгө келген соң коронавирустан эки айга пандемия башталды. Бүт унаа токтоп, үйдө бүк түшүп жатып калдык. Бекер жатпайлы деп Темирлан экөөбүз азыр Гүлай ээлик кылып турган конок үйүн курдук. Пандемия күч алды, мен 2 ай боюу дарбазадан сыртка чыкпаптырмын. Анткени, майды ортолоп Жыпаш келиптир, апаңдын көзү өткөнүнө кырк күн болгон тура, Улукбектен окудум деп. 10 миң сому жана гумжардам деген майы, уну, чайы жана башкалары да бар экен. Ошондо дарбазадан чыга элекмин десем, биз көчөдө эле жүрөбүз дейт. Иштеген жерден Гүлжан да гумжардам деп ун-пун, май-сай берип жибериптир. Ошентип пандемиядан аман-эсен чыктык...Анткени, ошол мезгилдерде мен да катуу ооруп ушул китепти жазып алаксып жүргөм. Атам айтып кала турган: «Биздин көзүбүз өтсө да силерге жакшылык тилейбиз» деп. Оорудан улам сүйлөй албай да калдым. Бирөөлөр сөз сүйлөсө баш ийкеп, күлүп койом. Колдорума да күч келди, бирок басканга жарайм, башым иштейт, ошол үчүн эч кимге унчукпай иштей бердим. Эч ким менен ишим жок ушундай күндөрдүн артында жаш баладай тамтуң сүйлөгөн күндөр келди. Кээде ушул китепти бүтүрүп кетсем экен деген ой туула турган. Ушул күндөрү да бул оорунун издери калды.Колум менен так кармай албайм, тил мурункудай эмес, бирок элестетсем өз калыбыма келдим. Атамдын: «Биз өлсөк да жакшылык кылабыз» деген сөздөрү эске түшөт. Мен ооруп турсам да анын ата-тегин жазып жаттым. Мүмкүн ошонун шыбаасы тийдиби деп калам.

 Акыркы ирет апамдын тажиясын Сиезбек бийледи. Андан мурун Эсенбайдын баласы Келдибек каза болгондо ага митинг уюштуруп, сөздөрүн мага жаздырган. Апам каза болгондо митинг болгон жок, бирок Сиезбек келип «Чогариктер» тууралуу жазгандарын берди. Мен анда түшүнгөнүм деле жок. Эми түшүнүп турам. Биринчиден, бул жөн салды чыгарма эмес, өтө татаал нерсе, Сиезбек дагы жашаганда өжөрлөнүп атып мунун аягына чыкмак. Себеби бул боюнча биздин ата-тегибиз чогариктер сарыбагыштардан эбак мурун жашаган. Кийин көптөгөн уруулардай сарыбагышка ассиммиляцияланышып кетишкен. Эртугур чогариктерди жетектеген баатыры болгон. Чогариктер чоңчарык болуп өзгөрүп калган. Жакшы идея! Сиезбек байкенин көзү өткөн соң ушул тууралуу Акылбек байке менен сөз болду. «Тугур менен Сарысейит бир тууган болгон эле оң го. Эми ким билет Эртугур чогариктердин жол башчысы болушу да мүмкүн» деген ал. Эгер биз чогариктерден тарасак ата-бабаларды бүтүндөй өзгөртүшүбүз керек, Эртугурдан баштап. Эртугурдун ата-бабаларын кайдан табабыз? Тугур менен Сарысейит бир тууган болсо булардын жүз атасын табууга болот. Экинчиден, ажал деген улук нерсе Сиезбек байкенин ажал менен күрөшө албасына көзү жеткендир. Ошондуктан жанына тынчтык бербеген бул идеяны аягына чыга албасын түшүнгөндүр. Бул идеяны кубалап жүрүп аягына чыгарса деле болот. Бирок ушундай мезгилде сарыбагыш эмеспиз, чогарикпиз дегенге ким түшүнөт? Үчүнчүдөн, Сиезбек байкенин өмүрүн үч этапка бөлүп караса болот. Биринчи этабы мен төрөлгөндөн 1995-жылга чейин. Мен кичинекей кезде: «Аска өзү торпок, бирок музоодон коркот»  деп жазганы бар. Ырдын уйкаштыгына беш койсо болот. Ал кезде 4-5 жаштагы Аскага «торпок» деген атты таап коюу, бул жакшы эпитет болгон. Метафоралык жактан салыштырганда  ушул Аска чындыгында мал-салдан корко турган, ал эми музоодон да. Ошол кезде бала болуп жүргөндөр билсе керек, Сиезбектин сырты күрөң күндөлүгү боло турган. Ушул күндөлүктү кайта-кайта миң сыйра окусак керек. Негизи башкы таасирди ушул күндөлүктөн алдык, чындыгы бул дүйнөгө жол салды. Ал кезде биз билбеген Омор Хайаям, Фирдоуси, Саади, Фараби сыяктуу чыгыштын берметтеринен цитаталар  менен кошо орустун «Шаа аталары» Пушкин, Лермонтов, Толстой, Достоевский ким экенин ушул күндөлүктөн тааныдык. Күндөлүктө дагы «сыр» болуш керек эле, бизге окшогон наристе балдарга «сырдын» эмне кереги бар эле. Бирок улуу адамдар тууралуу ойлору биздин көзүбүздү ачты.

Сиезбектин 30 жылдыгына Күкү, Венка болуп Кош-Дөбөгө барганбыз. Ал киши Алыкулдун 30 жаш деген ырын айтып атат. Бизге омий 30 жашка толуп калыптыр деп өтө эле улуу адамдай көрүнчү. Кийин студент болуп туруп жайкысын жумуштан качып, Сиезбектин үйүн салып бердик. Атам, апам дайыма жанымда жүрөт. Фундаменттин куюп атып туура эмес куюп алсак, келип нааразы болуп жатат. Тажыбек байке бар эле: «Кечке өзү биз менен арак ичип жүрөт. Кечинде келип ата-энесин фундаментти туура эмес куйдуң деп тилдейт» деп каткырганы бар.

 1993-жылдын аягы болсо керек, Сиезбек байке чакырганынан барсам Тажыбек, Рысбек, Зайырбек, Талант, Нияз сыяктуу байкелер отурушуптур. Тажыбек байке: «Чоконун Казысындай болуп жамбаштап жата бересиңби, давай кыймылдайлы» -деп жаткан. Биринчи жолу клубун тегерегиндеги ар кайсы жерге арак уюштурган биз болдук. Ал кезде жаш кез ар бир класста кимдин таасири бар белгилүү. Ошол балдар аркылуу арак, акча тараттык. Шаршенин туугандары жаштар арасында анча таасир бере алган жок. Бир экөөнү кубалап да жибердик. Калган моңолдор уруусун бюллетенди көрсөтүп саласыңар деп жаштар аягында киргенбиз. Башында бардыгы Шаршеге сала бериптир аягында жаштар басымдуулук кылып кетип Сиезбек байке башкармалыкты алган.. Ошол кездеги келин -кесек ачык эле айтчу: «Эсенбайдын балдарындай баш бериш керек» деп. Анын аркасынан биз деле баштуу болуп калчубуз. Сиезбектин кадыры менен Эсенбайдын наамы көчөгө берилди. Ошол кезде мен дагы атамдын атын мектепке берүү тууралуу мугалимдер менен ой бөлүшсөм, эски мугалимдер бардыгы туура көрдү. Бирок атам макул болгон жок: «Көзүм тирүү турса болобу» деп. Мен: «Усубалиев деле көзү тирүү «Теңдикке» атын берди» -десем да болгон жок. Ошол кезде мектепке мен болом деп жулунуп турушкан. Мен окууга кетип кайра келсем, мектепке Шапактын атын бериптир. Менин оюмча: «Шапактын атын айыл өкмөтүнө бериш керек эле, мектепте эч сиңирген эмгеги жок. Эсенбаев Келдибек 1938 жылы Кара Суудан баштап, 1940 жылы директор болгон, согуштан соң райондун бардык мектептерине директор болуп жүрүп кийин да 20 жыл директор болгон, атамдын аты ылайык болмок». Атамдын аты кийин китепканага берилди. Баса, Эсенбаев Сиезбектин атын да түбөлүккө сактап калыш керек.

Экинчи этабы: 1994-жылы Жомош төрөлгөн соң апамды, 1995-жылы атамды шаарга алып кетишти. Бул мезгилде мен ал киши менен ишим болгон жок.

Үчүнчү этабы: Атамдын көзү өткөн соң, келип сөздөрдү жаздырып кетти. Апамдын көзү өткөндө балам Шер айтты: «Биздин ушул жерден чыкпай өкүрүп турганыбызга Сиез ата абдан ыраазы болду» деп. Ошол Сиезбек менен акыркы жолукканыбыз болуптур...

Анткени, жай башталып пандемия кайрадан күч алды.Ушул пандемия Эсенбайдын мыкты небереси Сиезбекти жетелеп кетти. Эсенбайдын мыкты уулу деп атам Исабекти айта турган. Аны Карагул баатырга салыштырчу. Негизи атам Карагулду ыйык көрө турган, кийин да Карагул деген чыгып районду кармап туруп кеткен.экен. Атам: Исабек болгондо Карагулдан да кыйын киши болмок деп атам айтчу дей турган .Анткени ал өрттөй өөрчүгөн мыкты жигит болчу деп Эсенбай айтчу экен.  Исабектен тукум калган жок, балким анын аты унутулар, бирок жазып коюш парз. Эсенбайдын мыкты небереси деп Ополоңду  айтышат. Ал тууралуу уккандарымды жазып койдум. Бирок мен Эсенбайдын мыкты небереси деп Сиезбекти айтар элем. Ал кишиде бардыгы бар эле, апамдан калган манаптык салт, атамдан калган көсөмдүк, ал эмес таланты ташкындап турган. Бирок талантын пайдаланган жок, анткени Шербет Келдибекова бир тууган эжеси болгон. Шербет бала кезинен акындардын мухитине чумкуп, камчы салдырбай таланттар дүйнөсүнө аралашып кеткен. Эсимде Нинакан Жүндүбаеванын үйүнө барганыбыз. Шербеттин бир туугандары бүт таланттуу, «чымыны» бар же Акылбек Рахманов айткандай «чымын чепуха көгөнү бар» адамдар эле. Айрыкча Сиезбек. Сиезбек теңтуш туугандары менен ыр жазышып сүйлөшөр эле. Биз бала кезде сакмалга кат, сугатка кат дегендер ырлар болор эле. Шербет мамлекеттик деңгээлдеги акын болгондуктан Сиезбек жана башка бир туугандарынын жазгандары ачылбай кетти. Зор таланттар көмүскө кетти. Бир гана обонун Матыбек Болотбеков чыгарган «Карой» деген ыр калды. Сиезбек эсеп жагынан район боюнча алдына киши салчу эмес. Анын мындай эсепчилигине Базарбаев, Акназаров сыяктуу райкомдор таң калып, алыскы чарбаларда чоң кызматтарды  сунуштаган. Бирок атам алыска чыгарбай Жданов, Фрунзе колхоздорунда Башкы бухгалтер, Кара-Суу колхозунда башкарма, Ак-Кыя айыл өкмөтүндө биринчи төрага болгон.  Шербет сыяктуу Сиезбек менен Айнурада чоң талант болгон. Калгандарынын бары таланттан кем эмес эле. 2004-жылы кыркка толдум ошол кезде Шербет эжекем келип: «Барыңарда эле талант бар, бирок менден жашырынып , талантыңарды чыгарбай атасыңар. Жаза бер»-деп мени жазуучулукка түрткөн.

Баса ага чейин, жашырынып жазчубуз. ПИРЯЛда окуп жүргөндө Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиевдер келип мен аларга ыр окуп берип, чакыртып алып жакшы сөздөрүн айтышкан. 1990-жылдары айылга бардым Түтүнмө-түтүн бүт акын. Сиезбектердин күчөп турган кези экен. Сакмалга барса да бири-бирине ыр менен кат жазышып.  Ал кезде Кочкордо эмне иш-чара болбосун  ар кимди сындап ырдай берчүмүн. Айылда ыр түшүнгөн көбүнчө Сиезбектин теңтуштарын жанчып салдым. Бир күнү Сиезбек чакырып: «Менин теңтуштарыма ыр жазбай жүр»- деди, кийин түшүндүм көрсө Сиезбек жаздырып жатпасын деп ойлобосун дегени экен.

Бардыгы кайталанат экен, Улукбекти Акылбек байкеге, Темирланды Сиезбек байкеге салыштырам. Улукбек Акылбек байке сыяктуу көп нерсени билет, анын артында ар бир жазганында жүздөгөн киши ээрчип жүрөт. Акылбек байке кайтыш болгондо Москвадан жазыптыр, Зарина көчүрүп алыптыр, экөө бир-эки ай маалыматты солкулдатып турушту. Темирлан болсо Сиезбек сыяктуу үйгө карамдуу. Бир кезде Сиезбек менин элесимде байпакпы же баштыкпы топтолтура  майда тыйындарды салып келип төгүп салган. Ойлоп көр тыйын деген быжырайт, ал кезде жаңы келип колхоздо кассир болуп жүргөн. Кийин үйлөндү. Мурун таякемдин баласы Ишенди жайкысын мага кошуп кой кайтарчубуз, ал кезде 4 классты окусам керек. Жеңем келгени Күкү экөөнү мага кошуп, атам эми ойлосом мени көтөрмөлөп атат: «Командириңер болот, сөзүн уккула» деп. Кыштын күнү болсо керек, Дөң-Ташка бардык жеңем менен Күкү экөө муз тээп атышат. Уят да, килтейген 20 жаштагы жеңеси муз тээп жатса. Үйгө келгенде даттандым: «Жеңем менен кой кайтарбайм, муз тебет» экен деп. Ошол бойдон жалгыз кайтарып калгам.

Мээрим төрөлгөндө менин эң акыркы сүйүнчүлөгөнүм  болгон. Кийинкилерди Жаныбек чоңоюп калып сүйүнчүлөсө керек. Ал кезде кошуналар тыйын эле берчү, кээ бирөө 1 сом берсе чоң акча болчу.  Өзү деле арзанчылык заман, 1 тыйынга ширеңке келет. Эптеп Мээрим төрөлгөндө сүйүнчүгө тийген акча-тыйындарды чогултуп, кошуна балдар болуп «тоого» чыгып алып бир тойлогонбуз. Килькилер 30 тыйындан болсо керек.

Эсенбаев Келдибек Кара –Суу орто мектебинде директор болуп турганда бүтүргѳндѳр

1969-жылы Кара-Суу орто мектебинин 10-классын аяктагандар:

 Эсенбаев Сиезбек, Абдыгазиева Секин, Сагынбаева Айнагүл, Акматова Зарыл, Ишеналиева. А. Исраилова.Ж, Татранова.Р, Абдраева.Г, Калдарбекова.К, Мажикова.Ж, Султанова.К, Абыкеева.А , Айыпова.С, Исаков Айдарбек, Султанбаев Ишен, Касымалиев Кенжебек,  Асыркулов,  Жетимишов Базарбай, Ѳмүркулов Асек, Султанов Базаркул, Азаркулов Жумабек, Мамбетсадыков Шекен.

Эртугур тууралуу легендалар жеке эле кыргыздарда эмес, түрк элинде да көп айтылат. Ал эмес Эртугур тууралуу сериалдар тартылган.

 

Эсенбаев Сиезбек: Олжотай баатыр чогарыктардын бийи

Биздин бул чакан макаланы жазууга кийинки «Санжыра» теле берүүлөрөрүндөгү Карымшаков Тынчтык жана Турганбаев Элебайдын Олжотай баатырдын дайыма жылаң аяк согушканы, ошондуктан ага жана анын уруусуна «чоңчарык» аты ыйгарылганы тууралуу кайра-кайра айткандары себеп болду. Биз жогорудагы тарыхчы-санжырачылардын айткандарына кошула албайбыз жана Олжотай баатыр анын заманы, анын урпактары тууралуу өз көз карашыбызды сушуш кылабыз. Барыбызга белгилүү болгондой  10-15 кылымдарда Теңир-Тоо аймагында «чогарык» (чограк,чаграк) аталыштагы  түркий эл жашап турган. Бул Махмуд Барсканинин атактуу китебинде да, султан Бабурдун китебинде да ташка тамга баскандай жазылып турат. Ушул аталган эл кайда кетти деген суроо туулат. Бул эл эч жакка кеткен жок, бул эл азыркы кыргыз элинин курамында «чоңчарык» аты менен азыркы Кочкордо, Кетмен-Төбөдө, Ысык-Көлдө, Чүйдө жашап турушат деп эсептейбиз. Ал эми санжырачы- тарыхчылар жылаң аяк баатыр кылган Олжотайдын ушул чогариктердин бийи болгонун мындайча далилдээр элек. Биринчиден, Олжотай баатыр ошол замандагы жеке баатырлардан эмес, кадимки Манап бийдин небереси Эртугур бийдин насили, небереси болгон. «Сарысейит, Тугурдан. Санжыргалуу туулган». Олжотай бийдин өз заманынын баатыр уулу болгонун ошол замандан азыркы заманга чейин санжырачы, тарыхчылар эч кимиси шек кылган эмес. Эртугур бийдин небереси болсо, өзү ченемсиз баатыр болсо,Олжотай бийдин аскердик кошууну да болгон. Дал ушул аскердик кошууну менен Теңир –Тоодогу «чогарик» элинин калдыктарын өз элине кошуп алып Олжотай баатыр чогарык элинин бийи наамга жеткен деп эсептейбиз. Ал эми Олжотай баатырды  жылаң аяк баатыр кылуу кийинки, бүгүнкү күнгө чейинки амбициялуу чала манаптардын кыргыз тарыхында  өздөрүнөн башка баатырларды көргүсү келбей жаткандыгы деп билебиз. Эсенкул уулу Ниязбек манапка айтылат го. «Таякеңди таштокум атадың, чоң атаң менен бир тууганды чоңчарык атадың» деп. Дал ушул Ниязбек манаптын тушунда Олжотай баатыр-чогарик бийи атынан жылаң аяк чоңчарык баатыр атанган, аны бүгүнкү тарыхчы, санжырачылардын (мүмкүн булар да амбициясы ашкан манап тукумдары чыгар) колдоп жатканы өкүндүрөт. Ал эми чогарык, чограк, чаграк эли жөнүндө кеңири изилдөө дал ошол тарыхчылардын милдети го. Олжотай баатыр Эртугур небереси кыргыз элинде жаңыдан түзүлгөн чогарык  уруусунун бийи болгону ошол изилдөөлөрдө айкындала бермекчи.

Эми сөзүбүздү Эртугур бийдин Кочкордо жайгашкан асилдери тууралуу айта кетели. Эртугур бийден азыркы Кочкор районундагы жайгашкан чогарыктар, мындан ары өздөрүн азыркы атоосу менен чоңчарыктар деп атайлы, Чиркей бийден таралышат. Эртугур менен Чиркей бийдин ортосунда Тайлак баатыр, Олжотай бий, Курманбек, Көкүм бий, Райымбек дегендер жашап өткөн. Алардан таралган тукумдары Кетмен-Төбөдө,Чүйдө, Таласта жашашат деген кабар бар. Биз Кочкордо жашаган Чиркей бийдин 18-19- кылымдагы жашоосу тууралуу азын-оолак сөз кылабыз. Чиркей бий өзү да сарыбагыш болуу менен сарыбагыш манаптары Болот, Темир  менен замандаш болгон жана анын төрт уулу болгон, алар Аксакал, Аргынбай, Бирке, Карагул баатыр. Алардын Аксакал,Аргынбай, Бирке уулдары азыркы Кочкор районундагы Кум-Дөбө жана Комсомол айылдарында , Ал эми Карагул баатырдын тукумдары Кара-Суу айылында жашап турушат. Карагулдан Качыбек жана Оруз, Качыбектен Кудаяр, Кубат жана Таштанбек. Чоңчарыктардын 18-19-кылымдагы жашоосу Чиркей бийдин баласы Карагул баатыр кадимки Эсенкул баатырдын замандашы болуу менен өзүнө баатыр деген наамды кан менен терин төгүп ээ болгон. Кийин совет заманында Карагул Ногоев деген кызматкер чыкканда, бизде эки Карагул чыкты деп элдин кубанганына караганда Карагул баатырдын 150 жылга чейин элдик эс-тутумда сакталып калганы көп нерсени айтып турат. Элдик эс-тутум боюнча дагы бир нерсени айталы. Куттуксейит уулу Шамен ушул чоңчарыктардын жээни, Карагул баатырдын Үкү деген кызынын баласы болгон. Ушул Үкү эжесин пааналап чоңчарыктан Байбото деген Шамендин айылында жашап жүргөн экен. Шамендин ага-туугандары айыл үстүлүк кылып ушул Байботону уруп, ызалантып коюшкан экен. Аны уккан чоңчарыктардын он чактысы чогулуп арызданып Шаменге киришет. Шамен келген чоңчарыктарды жакшы кабыл албайт. Жаткан жереден козголбой «Ырыскулбектикинине ымырылдыңар,Төрөгелдиге барып төмүрүлдүңөр, деги силер жөн жүрбөдүңөр» деп тескери карап кетет. Ошондо келген чоңчарыктардын ичинен он сегиз жашар жигит, сыңар тизелей калып Шаменге жооп берген  экен. « Ооба, Ырыскулбекке барып, ыңкытып төрт түлүк мал айдап келдик, ооба Төрөгелдиникине барып төө баштаган кара мал менен келдик, а сенин эшигиңде калган бул эмне болду?» деп таяк жеген Байботону көргөзгөн экен. (Байбото Карагул Ногоевдин чоң атасы болот). Ошондо Шамен жыгылып кунун төлөгөн деген кеп бар. Эми ушул элден калган сөздөрдү факты менен далилдейли, бул үчүн атактуу акындар Балыкооз менен Айтыкенин айткандарынан бир-эки сапта пайдаланалы. Кыстара  кетсек, атактуу  манасчылар Балыкооз менен Шапак чоңчарык уруусунан болот. Бул айтыш 1870-1880-жылдары болгон, ал айтышта Айтыке Балыкоозго: « Төргө айдадың төрт арык,Төрөгелди баатырдан. Төмөн карай не качтың, -----------чоңчарык.Ырыскулбек баатырдан, Ылдый карай не көчтүң, ------------ чоң чарык» деп ырдап кайрылат. Бул айтышты терең талдоо ушул макаланын милдети болбогондуктан кичине үзүндү менен токтолобуз жана элдик эс-тутум менен эки акындын айтышы бирбирин толуктап турат деп ойлойбуз. Биздин макаланын максаты Олжотай  баатыр чогарык  аттуу уруунун бийи болгонун жана ушул чогарык (чоңчарык) уруусу чоң манаптарга (Төрөгелди, Рыскулбек, Шамен) баш ийбей Теңир-Тоонун ичинде эркин жашап келгенин, жашаган жана азыр да жашап жаткан кыргыз элинин бир уруусу экенин айтуу болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости