www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак кийимчен бийлеген элестер

Немец композитору Кристоф Виллибальд Глюктун «Орфей жана Эвридика» операсынан алынган «Эки элес» аттуу композициясы бар. «Орфей жана Эвридика» байыркы грек уламыштарынан алынган чыгарма. Орфей менен Эвридика улуу махабат менен баш кошушат.

Бирок бактылуу жубайлардын жашоолору узакка созулбай, Эвридика каза болуп калат. Эвридиканы уулуу жылан чагып каза болот. Бул жоготуу түгөйү Орфей үчүн аябай оор болот. Орфейдин жандүйнөсү боздогондой шамал озоңдойт. Күндүр-түндүр кара жаан токтобой, булуттар ыйлайт. Орфей соолугандай жаратылыштагы жандуунун баары соолуйт.

Чыгарманын акырында Жараткандын буйругу менен Орфей «Өлгөндөр падышачылыгына» аттанат. Ал жерде Эвридикасын табат. Эми алар эч качан айрылгыс болуп, «Өлгөндөр падышачылыгында» калышат. Алар түбөлүктүү түгөйлөр символундай көрүнөт. Кристоф Глюктун сыздаган музыкасы... Ак кийимчен эки элес бийлеп жатат.... Керемет композиция!

Булак: Азия News гезити

Последние новости