www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөмбү, 7-июнь күнү, Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Ишкананын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлей турганы айтылды.

Жарык өчүрүлө турчу райондор, убактысы:

9:00дөн 17:00гө чейин — Тунгуч кичи району (№ 3, 12, 17/2 үйлөр);

9:00дөн 18:00гө чейин — Токтогул, Калык Акиев, Сыдыков, Айкөл, Малышев, Краснодонцев, Баялинов, Багратион, Минск көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Беломорский кууш жолунда жана Көлмө, Ак-Өргө (Ак-Чөлмөк, Жаңыл-Мырза, Кербез, Өмүр, Алты-Бакан, Ак-Бата) жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт.

9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу № 17 үй;

9:30дан 19:00гө чейин —Жибек Жолу проспекти, Токтоналиев, Шопоков, Ибраимов, Жумабек, Таш-Көмүр (№ 2/1, 2/2 үйлөр) көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналынын аймагында Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейин;

10:00дөн 17:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Керемет, Куйручук, Жеңижок, Тоң, Көк-Жар, Коңорчок көчөлөрүндө);

11:00дөн 17:00гө чейин — Кара-Жыгач жаңы конушунда (Дордой, Исакеев, Көк-Ойрок, Ысык-Көл, Кожомкул, Жетиген көчөлөрүндө) жарык убактылуу өчөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости