www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2003-жылы депутаттык комиссиясынын башында туруп депутат Жапаров Акаевге жасакерленип Кумтөрдү канадалыктарга биротоло энчилеп берген, ага чейин Үзөнгү-Куушту Кытайга берип мүлктөргө ээ болгондой көптөгөн ырыскыларды менчиктештирип алат. Жапаровдун позициясы олку-солку болгон, ким акча, мүлк берсе ошонун сөзүн сүйлөп, самоорун жагып, казанын кайнатып, аны тегеректеп жанынан чыкчу эмес. Жапаров саясий карьерасын Атамбаевдин осурагын жыттап жүрүп СДПК партиясында баштаган. Анын «Атка жеңил, тайга чак»  жеңилдигин байкаган Алмазбек Атамбаев анын акылдуулугун эске алып СДПК партиясынын штабын жетектетип койгон. Менчиктештирүү убагында Атамбаев чыпалагынын учун гана матырып койбой, беш колун билегине чейин матырган, өзү жалгыз матырбай самоор кайнатып жүргөн СДПК партиясынын штаб жетекчиси Акылбек Жапаровго да кайсатып, «Кыргызавтомаштан» ал жеп, жутуп алсын деп атайын имаратттарды бөлүп берген. Ал мезгилде Атамбаевдин баскан таманын өөп жүргөн Жапаров мындай мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып, СДПК партиясы аркылуу экинчи чакырылыштагы парламентке өтүп алат. Кудай өзү бербеспи, ал ошол мезгилде эле Атамбаевди «кидать» этип, тез эле бийликчил депутат катары Үзөңгү-Куушту Кытайга бере турган топтун лидерине айланат. Кытайдын Төртүнчү бөлүмү буларды юань менен кекиртектен тойгузганы аз келгенсип, Акаев Бишкектеги үлкөн имараттардын барын менчиктештирип берет. Президент Аскар Акаевге Жапаров самоор жага алган жок . Анткени, Акаев аны жанына жакын жолоткон жок, самоор жага турган адамдар толтура болгон.

Акылбек Жапаровдун акылдуулугунун сыры эмнеде? Интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү ченеген IQ тести менен текшерсе деле Акылбек Жапаровдо интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр өтө жогору экени белгилүү болот. Орто эсеп менен IQ 100 балл деп эсептесек, Акылбек  Жапаровдо IQ – 200 балл башка кыргыздарга  улуттарга салыштырмалуу Акылбек Жапаровдо он эсе жогору. Орточо кыргыз элинде 40 баллдан 60 баллга чейин. Эмне себептен Акылбек Жапаровдун акылдуулугу жогору турганы, анын Акылбек деген атында деле эмес.

Илгери кыргыз элин калмактар Ферганага сүрүп жиберген мезгилде Маматкул деген болуптур, калпагын кийип алып жамгырлуу күнү кымыз уулап жүрөт.Калпагы суу, анан бирөөлөр кайрылса керек: «Эй, Маматкул алдагы калпагыңды силкип алсаң боло» - деп. «Калпакты силкий убакта силкийбиз» деп, кийин «калпагын силкип» калмактардан кыргыз жерин бошотот. Өзбек акими ага бир бухаралык еврейдин кызын тартуулайт. Маматкулдун ансыз деле мыкты бала-чакалары чыгып калган экен, иниси Дөөлөткулга бул еврей кыздын башын байлайт. Дөөлөткул менен еврей кыздын туулган баласын Кулкөтөн аташат. Мына эми жетинчи муун өтүп еврейлердин акылдуулугу Акылбек мырзага өттү. Акылбек акча үчүн бардыгын курмандыкка салат. Ал эмес Дөөлөткулдун небереси Калыгул олуядан тараган Турдакун Усубалиевди садага чаап, ал карыган мезгилде, мансап үчүн мазактаганы али элдин эсинде. Акаевдин бийлигинин аягында Акылбек Жапаров оппозицияда эмес болчу. Акаев «Ал» деп койсо баса калчу дөбөттөрүнүн бири болгон. Бирок, Акаев сакалдуу эмеспи Кочкордон Усубалиев шайлансын деп койгон. Ошол парламенттик шайлоодо Аскар Акаев кызматынан кетет. Мындай жагдайды толук пайдаланган Акылбек Жапаров Аркада менден башка ким бар деп, Финансы министрин алып кайсай баштайт.

2006-жылы Кочкордо жер титирегенде да бир топ акчаны «ыйлагандардын көз жашы» үчүн жок кылып жибергендиктен «Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба» - деп, бийлик аны көчүккө тээп Финансы министрлигинен алып түшөт. Акылбек Жапаров кайрадан оппозицияда жүргөн Алмазбек Атамбаевге шыйпалаңдап барып, эптеп самоорун жагып жагынат да, анын ишенимине кирет. Кудай уруп, бийлик кайра чакырып экономика министрлигин берет. Кыргыздан еврейи Акылбек Жапаров Москванын ВДНХсынан кыргызга тиешелүү жерде атайын мамлекеттик имараттарды капиталдык ремонттон өткөзүп, Кейнс жана экономиканын модернизациялоо боюнча өзүнөн башка эч кимдин башы жетпеген китеп жазып жиберип, экономика боюнча илимдердин докторлугун алат. Анын китебин жазууда жердеши Кыргыз экономикалык Университетинин ректору Төлөбек Камчыбековдун эмгеги көп.

Мындай чыгармачылык эргүүсүнөн улам бийлик «Данакер» ордени менен Алмазбек Атамбаевди сыйлап, өкмөт башынан кетирип ордуна Акылбек Жапаровду коймок болот. Акылбек Жапаров кантсе да кыргыз эмеспи, өкмөт башчылыгын майлап жүргөндө, Атамбаев бийликке келип Акылбек Жапаров тууралуу так маалыматтарды берген соң, анын ким экенин билген бийлик өкмөт башчысына алып келбей, бирок кийин биринчи вице-премьер – министрликти берген. Бийликке жагыныш үчүн Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна барып, бүткүл кыргыз эли карап турганына карабай «Ваше Высокопревосходительства» деп куйругун кыйшалаңдатып турган. Бийликти балакетке салыш үчүн аары, кумурскаларга паспорт бериш керек деп чыккан. Ал эми «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган соң» Ички иштер министри Конгантиев менен инисин таластыктарга салып берип, өзү куйругун түйүп качып кеткен. Таластыктарга 240 миң доллар берип инисин сатып алганда, алар айтышыптыр Акылбек Жапаров болгондо кулагына бирка басмак элек дешип.

Мюррей «табигый тандоо» теориясынын негизинде: «куугунтуктоолордон улам жашап кетиш үчүн еврейлер өз интеллектин өздөрү курчутушкан» деген сөздү жокко чыгарат. Интеллект массалык талоондордун учурунда еврейлердин жашап кетүүсүнө жардам берген деле эмес, тескерисинче карактоо жана зордук-зомбулук менен тартып алуу учурунда эң жетиштүү адамдар биринчи курмандыкка чалынган. Жапаров өзүнүн ордуна башкаларды курмандыкка чалып 2010-жылдагы бийлик алмашуудан криссталлдай таза чыккан. Ал эмес Атамбаевге кайра шыйпалаңдап бапы, жагынган соң экинчи ирет Финансы министрлигине желимдей жабышат. Учурда үчүнчү ирет бул жакка чабуул коюп жаткандай. Анын алдында «Кыргызалтынды» холдинг кылып  менчиктештирип, миллиарддаган долларлык байлыгынан «ооз тийип кетүүнү» көздөп жатат. Бүгүнкү күндө 2003-жылда комиссиянын билерманы катары Кумтөргө бардык жакшы нерселерди тиштетип койгонуна карабай, кайрадан комиссияга төрага болуп, бардык эл үчүн иштеген нерселерди өзү жасап чыккандай элге маалыматтарды берүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости