www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясы укук коргоо органдарына жана Башкы прокуратурага 1992-жылдан берки президент жана премьер-министрлерди чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогондугу үчүн жоопко тартуу боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров Экотехинспекциянын, Салык инспекциясынын директорлору, «Центерра Голддун» директорлор кеңешинин кыргыз тараптын мүчөлөрү, «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагалары, ревизиялык комиссиянын төрагаларын дагы текшериши керектигин айтты.
«Алар мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогондугу үчүн жана чет элдик компаниянын пайдасына чечим чыгаргандыгы үчүн жооп бериши керек. Бир коммерциялык уюмдун пайдасы үчүн мамлекетке чыккынчылык кылуунун белгилерин байкап жатабыз», - дейт ал.
16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.
Эске салсак, 12-майда Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg