www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча маселе каралып жатат. Анда Кумтөр боюнча комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков өзүнүн пикирин айтып чыкты.

"Комиссиянын корутундусуна кол коюп бердим. Бирок жартысынан жартысын гана колдойм. Комиссиянын ишине биринчи кезекте ыраазычылык билдирип кетейин. Абдан чоң иштерди жасады. Өзгөчө эксперттердин эмгегин баалап кетейин. Эң чоң экологиялык экспертизаларды жасап чыкты. Бул эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы эң чоң доону аныктап чыкты. Каршы пикир жок, жакшы пикир бар. Аша чапкан аныкталбаган жерлер көп экен. Ошондуктан Акылбек Жапаров жөнөткөн токтомду окуп чыгып каршы пикиримди билдирем. Токтом долбоору тарыхый документ. Тарыхый документте көп адамдын, мамлекеттин тагдыры чечилет.

Бардыгыбыз жакшы билебиз. Эки эле келишим болгон. Элдин башын айландырбай ачык айталы. 2003-жылы кабыл алынган чечим, 2009-жылы кабыл алынган чечим. Токтомдо 2020-жылы октябрь айындагы келген бийликти актап калгандарын чыккынчы катары сыпаттап салдык. Чыккынчы деп да атап салдык. Мен ошого нааразымын. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков дагы кыргыз элине кыянаттык кылып чыккынчы болсо, аларга кызмат кылгандар дагы бул жерде отурат да. Ушул жердин жарымысы чыккынчы экенбиз да. Эң негизги чыккынчы 2009-жылы өкмөттө анан Жогорку Кеңеште иштегендер деп айтам.

5 миллиард долларга жакын доону коюп жатабыз. Мен ушул акчаларды өндүрүп алышыбызга Кумтөрдү көндүрүп алышыбызга ишене албайм. Өндүрүп алсак Кытайдын карызынан кутулуп алсак жакшы болмок. Бирок мунун баары менин пикиримде жомок.

Элге убада кылбай улутташтырып салалы. Эмне үчүн 2003-жылкы, 2009-жылкы келишимдерге басым жасап жатабыз. Бул саясат. 2007-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда Акылбек Жапаров комиссияны жетектеген. Бардыгы чыккынчы болуп бул киши кургак чыкканы кандай болуп калат. Алардын күнөөсү канча болсо бул кишиники дагы ушундай болмок. Эмне үчун ошондо Акылбек Жапаров Бакиевге, Акаевге, Атамбаевге, Жээнбековго айтып чыккан эмес? Оюн кылбаш керек", - деди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости