www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр»: 55,2 млн доллар кимдин чөнтөгүнө түшкөн?

Бүгүн, 17-майда «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин кезексиз жыйынында отчёт берди.

Анын жүрүшүндө 55,2 млн доллар бир адамдын капчыгына түшкөнүн билдирди.

«2004-жылы 23-июнда «Комеко» корпорациясы жана «Центерра» компаниясы «Кыргыз алтын» акционердик коомунун эсебине 11 млн доллар которгону далилденди. 4 күндөн кийин «Кыргыз алтындын» ошол кездеги жетекчиси ал акчаны Латвиянын боброру Ригада жайгашкан, Айдар Акаев көзөмөлдөгөн «Экорт» компаниясынын эсебине мыйзамсыз которгон. Ошол эле жылы 28-июнда «Центерра» 3 млн 833 миң 927 долларлык акциясын чыгарып, аны австралиялык «Централ Голд Лимитед» компаниясынын менчигине өткөрүп берет. Ал компания Торонтодогу фонд биржасы аркылуу бул акцияларды 44,2 млн долларга сатат. Ошондо биригип 55,2 млн доллар накталай акча бирөөнүн чөнтөгүнө кетет.

2003-2004-жылдары «Централ Азия Голд» компаниясы Кыргызстанда пайда болот. Ак-Жылга, Турук, Алтын-Жылга, Талды-Булак, Левобережный кендерине ээлик кылып баштайт. Бул компания Айдар Акаев менен аффилирленген деп тергөөнүн маалыматында айтылат», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости