www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Ахматбек Келдибекович, Сооронбай Жээнбеков инагурациянын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын бере тургандыгын жарыялаган.  Эми Атамбаевге Жээнбеков айткан наамын бериши керекпи?

--Бул маселе боюнча мен бүгүнкү кырдаалга жараша ой-пикиримди төмөнкүчө билдиремин. Президент Сооронбай Жээнбеков инагурациянын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатырын” наамын ыйгарган. Тилекке каршы ошол учурда азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Атамбевдин жана анын командасынын мамлекеттеги ийри долбоордун уурдалган акчаларын билген эмес да. Бүгүнкү күндө элдин ырыскысын  жеген, уурдалган миллиондогон акчалар чыгып жатканда Атамбаевдин сыйлык алганы уят. Эгерде Алмазбек Атамбаевде уят болсо өзү ыйгарылган наамдан баш тартып койсо болот. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков ошол жарлыкты жокко чыгарса эл деле түшүнөт. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам өтө ыйык жана өтө бийик сыйлык. Өткөн бийлик учурунда “Манас” төш белгиси жана башка төш белгилер өзүнүн тегерегиндеги жакшы көргөн адамдарга таркатылып, абройлуу сыйлыктардын кадыр-баркын түшүп кетпеди беле? Менин оюмча президент мамлекеттен миллиондогон акчалардын дайын-дареги жок болуп жаткандыктан жарлыкты жокко чыгарып, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын бербей туруп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартып камаш керек!”, - деди Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.  Тилекке каршы Атамбаевге азырынча мындай сыйлык ыйгарылабы же жокпу белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости