www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда ачылган кылмыш иштердин баары негиздүү болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ага чейин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Жогорку Кеңеш “Белизгейт” окуясына өз баасын бериши керек, "Белизгейт" боюнча тиешелүү структуралар маалымат берсин деп чыгышкан.

- ”Ата Мекен”, силер дайыма өлкөнү чыңалууда кармап турасыңар. Атамбаевдин учурунда ачылган кылмыш иштердин баары туура болгон. Керек болсо, мамлекеттик структурадагы коррупция үчүн соттолгон кээ бирлерди бекер эле кое берип жиберишти. Алар аягына чейин отурса болмок. “Ата Мекен”, силер жасакерленип кыйын болгонуңарды токтоткула! – деди Карамушкина.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ага жооп берип:

- Сиздей депутаттардын айынан акыркы жылдары бийлик жолдон адашкан. Жасакерленип, адилетсиздикти көрмөксөн болгон эл өкүлдөрүнө уят эле. Калыс болсоңуз! Сиздин жообуңуздун кереги да жок азыр, - деди.

Эки жыл мурун УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев парламентке келип, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Быйыл апрель айында кызматтан кеткен Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости