www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя Камбоджиянын Кампонгтям провинциясында өткөн жумада катталып, шектүүнү ата-энеси полициянын колуна өздөрү салып беришкен.
Кhmer Tims маалымат агенттиги маалымдагандай, жигит беш жандыкты кекиртегинен муздап, андан шоргологон канды тамшана ичкен. 24 жаштагы фермер Ран Рич ата-энеси менен бирге жашачу. Ошо карагашалуу ишемби күнү ата-энеси коноккко кетип, Ран үйүндө жалгыз калган экен. Эриккенби же ким билсин, кечке маал, саат 17.00дө виного тойгон соң өзүн арстан сезген белем. Короодогу үч итти өлтүрүп, канын калтырбай ичет. Буга тойбой, дагы кан ичкиси келип тоокту, андан кийин мышыкты өлтүрөт.
Полиция кызматкери Чуна Бопханын сөзү боюнча, ысык канга тоюп, моокуму канган Ран Рич бөлмөсүндө катуу уктап калган. Ата-энеси эртең менен келгенде үйдүн ичи үч көтөрүлүп чачылганын, кире бериште өлгөн үй жаныбарлары ар кайсы жакта жатканын жана канга боёлгон дубалды көрүшкөн. Баарынан дагы баласынын кебетеси үрөй учурган. "Ран аларга арбактай эле көрүнгөн, өз ата-энеси баласына жакын баргандан коркуп, полицияга жүгүрүшкөн" дейт полициянын майору ЧунаБопха.
Балага эне гана түтөт эмеспи. Эне кургур жергиликтүү кечилге кайрыльш, жинди чыгарып берүүсүн өтүндү. Учурда Ран Ричке кечилдер тазалоо жөрөлгөлөрүн жасап жаткан кези.
Булак: "Сырдуу дүйнө"