www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты 15 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 19-сентябрда "Азаттыкка" кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ал аймактагы электр компаниясынын жумушчусун опузалаган, анын абоненттерден акча алып жүргөнү тууралуу далили бар экенин айткан жана 20 миң сом талап кылган.
Факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (Пара талап кылуу) менен иш козгоду.
Шектүү Нарын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg