www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө мен үчүн эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын эли үчүн маанилүү болуп турган маалыматты таркатууда жардам бергениңиздер үчүн ыраазылык билдиргим келет. Сиздердин көмөгүңүздөр менен менин маселем кыймылсыз ордунан жылып, укук коргоо органдары погончон айбандарга карата акыры кылмыш ишин козгошту. Бирок, учурда прокуратура аракеттенбей жатат, мени аёосуз сабаган милиционерлер эркиндикте жүрүшөт, менин тынчымды алып күн сайын үйүмө келип, каршы арыз жазып берүүмдү суранышууда. Бирок, мен аягына чейин барууну чечтим, башка мекендештеримди да КР ИИМинде болуп жаткан менттердин зомбулугунан сактап калгым келет. Министр жана анын орун басарлары өздөрүнүн жеке курамына түкүрүп коюшкан. Урматтуу журналисттер, адилеттиктин орун алышына жардам бериңиздер!
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мени токмоктогон милиция кызматкерлери боюнча кайрылуумду Өзүңүз жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам. Мүмкүн мен жашоодо жаңылып, бир кездери мага карата кылмыш ишин козгошкондур, бирок мен акталгам, мен күнөөсүзмүн, ошондо эле милиция менин ишимди алдын-ала максат менен иликтешкен. Мен бардык беренелер боюнча акталгам! Урматтуу Президент, мен күнөөсүзмүн! Сооронбай Шарипович, ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сиз өлкөнүн бардык укук коргоо органдарынын кадрларын тазалоо керектигин, тартип сакчылыгында турган кынтыксыз таза кызматкерлердин болушун айткансыз. Менин кайрылуумдан улам Сиз ИИМге байланыштуу ушундай чуулгандуу иштерди жеке көзөмөлүңүзгө аласыз деп ишенем.
Мени сабаган милиционерлер учурда ММКлар аркылуу мага каршы кодулоолорду уюштурушууда. Алар журналисттерге мени УКТ мүчөсү, адам өлтүргүч жана каракчы деген чындыкка коошпогон маалыматтарды беришкен. Погончон айбандар мени коркунучтуу кылмышкер катары көрсөтүп журналисттерди эле эмес, жалпы коомчулукту адаштырууда. Бул факты дагы уул, ата жана жолдош катары менин кадырыма таасир этпей койгон жок. ММКларда таркатылган жалган материалдар менин боюнда бар жубайымдын саламаттыгына да терс таасирин тийгизип, учурда анын боюнан түшүү коркунучу жаралууда.
Болуп өткөн картинанын толуктугу үчүн Ильяз Жабдалов өзү кечирим суроо үчүн үйүмө келип, менин каршы арыз жазып берүүм жана ага карата нааразылыгым болбошу үчүн өзүнүн автоунаасын, ири суммадагы акча сунуштаганын тартып алган тасманы бергим келет. Ошондой эле, ал кайсы сот жана прокурор болбосун сатып алуу үчүн жетишээрлик көп акчасы бар экендигин айткан. Жабдалов прокуратура өзүн жана шериктерин СИЗОго камабашы үчүн кам көрүп койгон деп шектенем. Ленин райондук прокуратурасы ишти Башкы прокуратурага бергенинен кабарым бар, бирок менин ишим дагы деле ордунан жылбай турат, прокурорлор менден каршы арыз алып келип, жазадан кутулуп кетиш үчүн Жабдаловго мүмкүнчүлүк түзүп беришүүдө.
Мага Ильяз Жабдаловдун таза эмес жолдор менен, күнөөсүз адамдардын көз жашын агызып опузалоо жолу менен тапкан акчасынын кереги жок. Мен адилеттикке жетким келет, милиция элге каршы эмес, карапайым эл үчүн иштешин каалайм. Мен көп жылдардан бери өкүм сүрүп, а ИИМдин жогорку жетекчилиги аларга көз жумуп келаткан менттердин бул зомбулугуна мындан ары карап тура албайм.
Мен журналисттердин бардык суроолоруна жооп берүүгө, менин арызымдагы материалдар боюнча объективдүү журналисттик иликтөө жүргүзүүгө кол кабыш кылууга даярмын. Ильяз Жабдаловдун артында чоң мансаптагы чиновниктер, укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана каржы полициясынын кызматкерлери, ал бизнестерин калкалаган ишкерлер турушат. Баары эле сатып алынбайт жана сатыла бербейт!
19-сентябрда журналисттер жана Кыргызстандын жалпы эли үчүн маалымат жыйынын өткөрөм жана сиздердин бардык суроолоруңуздарга жооп берем.
Булак: NazarNews.kg