www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн түнү коомчулуктун назарын төмөндөгү видео бурду. Бул видео Ош шаарындагы медереселердин биринде тартылган. Тасмада өспүрүм балдар медреседе сабак берген агайлар жаш балдарды көк- ала койдой сабап салганын көрүүгө болот.

Жаш балдардын айтуусунда аларды чыбык менен уруп, колдорун, буттарын, денелерин көгөртүп койгон. Тасманы тартып жаткан киши эмне себептен келтек жегенин сураса балдардын бири "кеч киргенде ойногонго болбойт экен аны мен билбей күрөшүп ойноп жатсам 1 кабинетге чакырып алып ур- токмокко алды," - деп көз жашын көл кылган балдар нааразычылык билдирди. Медреседеги балдардын көпчүлүгү Алыштан, Жалдан болобуз деп айтып жатканын угууга болот.

Медресе деп ата-энелер балдарыбыз ыймандуу өссүн, ыймандын булагы ислам деп имамдарга жөнөтсө имамдардын кылганы ушулбу? Ата-энелер молдолордун бул кылыктарынан  кабардар болсо керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости