www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда мунай продукцияларын сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаев сот жараяны учурунда кош никеге турганы үчүн гана күнөөлүү экенин билдирди.

Тажикстандын Жогорку соту 17-сентябрда «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаевди 24 жылга эркинен ажыраткан. Бирок мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алган эмес.

Ага насыя катары берилген ири сумманы уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана ишенип берилген акчаны коротуу айыптары тагылган.

Ражабали Одинаевдин адвокаттарынын биринин айтымында, ал Кылмыш кодексинин сегиз беренеси боюнча айыпталган. Бирок тагылган күнөөлөрдү такыр мойнуна алган эмес. Тажик мыйзамдарына ылайык, көп аялдуулук үчүн эки миң эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул же эки жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Раджабали Одинаев менен "Умед-88" компаниясынын директору Идибек Ибрагимов былтыр күзүндө камалган. Андан бир нече күн мурда президент Эмомали Рахмон Каржы министрлиги түшүнүксүз жолдор менен "Умед-88ге" мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя берген деп сынга алган. Мамлекет башчынын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып берген эмес.

Булак: "centralasian"

Последние новости