www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун администрациясына мас абалында келип тынчтык бербей тапанча көтөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 12-январь күнү саат болжол менен 16:30 чамасында Баетов айылынын администрациясына белгисиз бир адам мас абалында келип тынчтык бербей жатат, жанында тапанча көтөрүп жүрөт деп Ак-Талаа РИИБине билдирүү келип түшкөн. Аталган дарекке ыкчам-тергөө тобу барган учурда Ак-Талаа районунун тургуну 1979-жылы туулган А.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, жанында газопневматикалык тапанча алынган. Тапанчанын эч кандай далилдөөчү документтери жок көтөрүп жүргөндүгү такталган.

Аталган факты Ак-Талаа РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

--"Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Чүй облусунун тургуну А.Э. Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрацияна мас абалында барып, коомдук тартипти одоно бузган. Ошондой эле Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациянын башчысынын бөлмөсүнө кирип барып, өзү менен бирге алып жүргөн белгисиз ок атуучу куралы менен тап берип, коркутуп, түшүнүксүз сөздөр менен нааразы ирээтинде ар кандай сөздөрдү айткан.

2021-жылдын 14-январь күнү Ак-Талаа райондук соту шектүүнүн камакка алуу түрүн тандап алуу өтүнүчү менен киргизилип 2 айлык мөөнөткө камакка алынган. Азыркы учурда тийиштүү соттук-экпертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости