www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтканын, берген убадасын аткаргандыгы менен айырмаланган УКМКныи төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүү катуу болоорун билдирген эле. Ошондой болуп жатат. Аз күн мурда кечээ эле ажо болуп шайланган Садыр Жапаровдун атын сатып, көптөрдөн акча «сындырып» жүргөн айтылуу Мелис Аспеков «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын жетекчисинен 250 миң долларды шантаж кылып алганы үчүн камакка алынса, андан кийин ЖК депутаты Исхак Пирматовго кылмыш иши козголгону маалым болду.

Ачыгын айта турган болсок, Исхак Пирматовдун орду түрмөдө. «Кыргызнефтигаз» ишканасын талап-тоноп баса бергендиги эле анын канчалык коррупционер экендигинен кабар берет. Ага 2012-жылы ошондогу Башкы прокурор Аида Салянова кылмыш ишин козгоо үчүн депутаттардан уруксат сураганда, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп, эл өкүлдөрү кесиптешин калкалап калышкан.

Пирматов ал убакта сүттөн ак экенин айтып, жанын жеген. Эми минтип жанын абактан аман алып калуу үчүн мамлекетке келтирген зыяндын бир бөлүгүн калыбьша келтирүүгө жетишиптир. Бул эмнеден кабар берет? Өзүиүн күнөөсүн моюнда-гандык эмей эмне? Ак, таза болсо бермек эмес.

И. Пирматовго окшоп ар бир бийликтин эбин таап, колтугуна кирип, кылган кылмыштарын, мыйзамсыз иштерин жаап-жашырып, жазадан кутулуп келе жаткан чиновниктер жетишерлик.

Алардын баарынын шектүү иштери текшерүүгө алынып, кылмыштары болсо жоопкерчиликке тартылып, «кустурулушу» керек. Бул иште Камчыбек мырзага ийгилик гана каалайбыз!

Булак: Майдан.kg гезити

Последние новости