www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы, мурдагы депутат, саясатчы, коомдук ишмер Акматбек Келдибеков менен аксы окуясы жана Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү тууралуу ой бөлүштүк.

--Ахматбек мырза, каргашалуу Аксы окуясына 17-жыл болуптур.  Акыркы мезгилде  Аксы окуясын саясатташтырып жиберишкен жокпу?

--Мен антип айтпас элем. Анткени, ал каргашалуу окуяны унутууга, эстен чыгарууга мүмкүн эмес. Анткени, ал окуяны 17 жыл мурун төрөлгөн жаш муундардын көбү билбей калышы  мүмкүн. Кыргыз элинин тарыхында мындай окуя кайталанбашы үчүн жаңы төрөлгөн балдардын эс тартып калган муундардын баары, Аксы окуясы эмне себептен чыкканын,  эмне үчүн  алты адамдын өмүрү кыйылганын биздин келечек муундар  билиши керек. Ошон үчүн Аксы окуясын мамлекеттик деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Кечээкиси мактоого татырлык болду. Мамлекет башчысы окуя болгон жерге барып, эл менен жолугуп, маркумдарды эскерди. Ошондой эле спорт комплексинин да ачылышына катышты.

Мен ойлойм президенттер жыл сайын Аксы окуясы болгон күнү ошол жерге барууну адатка айлантышса туура болчудай. Ала-Тоо аянтында болуп өткөн эскерүү жыйынын да жылда өтө турган иш-чарага айлантып, мындан да  чоңураак кылып өткөрсөк, аталган окуяны тарыхый көз караш менен элге жайылтсак, саясатчылар көрүнгөн жерде өзү каалагандай эскеримиш болгондор оозуна келгенди сүйлөбөй калат. Айтайын дегеним, акыркы мезгилде бул каргашалуу окуяны бетине кармап, көрүнгөн эле саясатчы өзүнүн имаратынын алдына элди топтоп алып, ар нерсени сүйлой берген болбойт. Муну Кудай дагы кечирбейт.  Айтайын дегеним, Алмазбек Атамбаев Форумдун алдына элди топтоп алып Аксы окуясы тууралуу 2 минутка жетпеген сөз сүйлөдү.

Ал эми бир жарым сааттан ашык оюна келгенди айтты. Элдин атынан сүйлөгөнгө ага ким укук берди? Ал бүгүн башкалар сыяктуу эле жөнөкөй адам. Башкаларга саясый баа бергидей ал ким? Бул кишиде ыйык эч нерсе жок. Адам менен дос болуп мамиле түзүп жүрүп, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ал адамды бир секундда сатып коюп кете берет. Канчалаган адамдары күнөөсүз түрмөгө каматты. Мына чекесинен чыгып атышат.

Учурунда катачылыкка жол бергени далилденип атса да, оозуна келгенди сүйлөй бергени болбойт да. Керек болсо, Атамбаев Кыргызстанды башкарган 6 жылдагы мамлекетке кылган кыянатчылыктарын укук коргоо органдары тезинен текшерип, экономикалык кылмыштын бетин ачышы керек. Ошол күндүн жакындап калганын сезип жатканы үчүн оозуна келгенин айтып, ойго түшкө кирбеген нерселерди сүйлөп, коомчулукка мына мен сындаганым үчүн куугунтуктоо болуп жатат дегиси бар.

--Жогоруда Атамбаев күнөөсүз адамдарды каматканы тууралуу кеп кылдыңыз. Камакка алынган азаматтардын баары Атамбаевдин каалоосун канааттандыруу үчүн камалганбы?

--Албетте, Атамбаевдин каалоосун орундатуу үчүн аны сындаган саясатчылардын баарын жалган жалаанын негизинде камакка алышкан. Ошол мезгилдеги соттун чечимдери 7-кабаттагы Атамбаевдин көрсөтмөсү менен чыккан. Мага чыккан соттун  чечимдерин да Атамбаев өзү олтуруп алып токуган. Ал мезгилде мыйзамды уруп-ойногон эмес. Ошон үчүн азыр мыйзамдуулук  жөнүндө сөз кылганы жана башкаларга акыл айтканы уятсыздык деп эсептеймин. Сот системасын талкалаган так ушул Атамбаев өзү.

--Атамбаев Форумдун алдында өткөн Аксы окуясына арналган жыйынды кыргыздын армиясы тууралуу да сөз кылды. Ал айткан сөздөргө  ынансак болобу? 

--Атамбаев армия жөнүндө да сөз кылды. Чынында анын бийлиги  тескерисинче армияны талкалап кеткен.  Армия боюнча адис болбосом дагы башкы штаб болуш үчүн бизде аскердин түрлөрү болуш керек. Анан эле Россиядан келген жардамдын баарын мен алып келип койдум дегени чындыкка караандабайт. Россиядан буга чейин деле жардам келчү. Анткени, биз Россия менен стратегиялык тарыхый өнөктөшпүз. Мурунку СССРдин аймагындагы мамлекеттерде тынчтык болуш үчүн Россия сөзсүз түрдө Орто Азиядагы өлкөлөрдүн баарына жардам берет.

--Кыргызгаз тууралуу чындыкты айттыбы же өзүнө ылайыктуу маалымат бердиби?

--Кыргызгаз боюнча, Атамбаевдин колунда стенограмма болсо алып чыксын, болбосо менде стенограмма бар. Мен ошол мезгилде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргызгазды бир долларга саткан болбойт. Бул биздин мамлекеттүүлүктүн өзүнчө белгиси. Мамлекеттин атрибуту” деп, комитеттин жыйынында дагы айтканмын. “Бир долларга саттык”, деп кайра кайра айтканда “1 долларга саттык” деп, кайра-кайра айтпагын, бир долларды мен деле төлөп коёмун, эмнеге аны мактанып атасыңар”, деген элем. Себеби ошол учурда аларга баарын өлкөдө канча миң км биздин чоң газ түтүкчөсү бар экенин сандык көрсөткүч менен эсептеп бергенмин.

Ошондо айтып чыкканмын жок дегенде Кыргызгаз мамлекеттин эсебинде 51%  калышы керек, 49%ды  биз газдан камсыз болуш үчүн ошол газ чыгарган мамлекеттердин же болбосо чоң ишканалардын бирөөсүнө сатыш керек деп айтканмын. Өкүнүчтүүсү, Баткендеги, Майлы-Сайдагы газ сактоочу жайдын баары 1 АКШ долларына бааланып өтүп кетти. Эгерде тийиштүү органдар чукуп көрсө булардын куйругу чыгат, алардын куйругу чыга турганына толук ишенем. Ошол учурдагы Кыргызгазды саткандагы келишимди окуп көргүлө.

Газдын биздин аймакка келип түшкөн наркына 12% кем эмес “рентабелносту” кошулсун деп жазылган. Ал келишим ратификация болгон. Мен Газпромдун бизге өнөктөш болушуна каршы эмесмин. Ошол мезгилде мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгонмун. Бүгүн дагы кайталап айтам 100% Кыргызгазды сатканы туура эмес, 51% Кыргызстандык болушу керек!

--Атамбаев Сизди “Кыргызгазды мага сат” деп айткан сөзүңүз далилденбей калбайбы?

--Айткан сөзүмдү далилдеп бере албаса анда жоопкерчиликке тартылышы керек. Себеби,  мен мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгонмун. Менде далил катары ошол кезде сүйлөгөн стенограмманын баардыгы бар. Ошол мезгилде мага бир министр келип айткан “менин деле жүрөгүм ооруп атат, бекер каршы чыгып атасыз, сизди Атамбаев каматам деп, бакырып, сөгүнүп жатат”, деп. “Пошёл он” деп жооп бергенмин. Дагы бир тактап айтып коёоюн, мамлекетти тышкы карызга малгандардын бири – Атамбаев. Ошондой эле мамлекеттүүлүккө шек келтирип, мамлекеттин башкаруу системасын да бузган – Атамбаев. Кадрдык саясатты толугу менен талкалаган да Атамбаев болду.

Өзүнүн жакындарын өзүнүн айдоочуларынан бери ылгабай чоң кызматка койгон трайбалисттик көз караштан да арыла албаган президент Атамбаев болду. Кечээ 2-3 саясатчы сүйлөдү, трайбализм деген сөздү ошол Атамбаевдин учурунда айтыш керек эле. Трайбалист деген сөздү мен атын атабай койоюн бир учурда бир айым президент болгондо бир аймактан 15 Өкмөттүн мүчөсүнөн 12 Өкмөт мүчөсү ошол жактан болгондун өзү трайбализм деп койсо болот. Кечээгилердин сүйлөгөнү түндүк-түштүк маселесин дагы козгоду. Ошолорго айткым келет от менен ойнобогула! Атамбаев жооп бере турган учуру келди. Эч нерседен коркпой жоопко тартыш керек! Эми ал өзү мыйзам чегинде жооп бериши керек.

--Баса, Атамбаев Раим миллион тууралуу да токтолду го?

--Атамбаевге Раим Матраимов экөөбүз түнү түшүнө кирип, уйку бербей жатсак керек. Мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда бул Өкмөт башчы эле. Ошондо Раим Матраимов Ош шаарында Бажы тармагында жетекчи болчу. Бир эмес, 2-3 жолу Атамбаевдин оозунан укканмын “Раим аябай жакшы жигит, кыйын иштейт” деп мактаган. Атамбаев эми өзү иштеп жүргөндө аябай жакшы, аябай кыйын жигит деп кызматка көтөрүп эми өзү кызматтан кеткенден кийин кандай бул жаман адам болуп калат. Бул Атамбаевдин мүнөзү туруксуз анан кийин адамдарды аттап кетиш жамандоо бул үчүн катардагы көрүнүш. Кыйын жигиттерден Атамбаев өмүр бою коркуп келген. Раим Матраимовду ким жамандап жатат? Атамбаев анын жалданган фейктери жана жанындагы калемгерлери. Ошондуктан аларды укпай күнөөсү жок болсо мыйзам баарына бирдей, кызмат ордуна кайра келиши керек.

--Сиз дагы депутат, төрага болгонсуз Атамбаевдин “чимкирик” депутаттар деген сөзүнө кандай карайсыз?

--Ушул Атамбаевди депутаттар Өкмөт башчы, президент кылышкан. Мыйзамдарды карап беришкен. Баш мыйзам боюнча алып карасак Жогорку Кеңеш мамлекетибизде бийик орган болуп эсептелет. Ошол парламенттин депутаттары буларды эл шайлаган. Алар бирөөгө адам катары жагабы же жакпайбы бирок биз депутат катары аларды сыйлашыбыз керек. Себеби буларды эл шайлаган.

Эл шайлаган депутаттарды “чимкирик” деп айтканы мамлекетти башкарып, президент, интелегент, “саясатчымын” деген адамдын минтип сүйлөгөнүнө “уят” деген сөздөн да төмөн сөз айткым келет. Ошол сөзгө татыктуу. Ал киши дагы бир жолу өзүн ким экенин элге көрсөттү.

--Атамбаев эл аралык деңгээлде аброй таптыбы же жоготтубу?

--Биздин тышкы достугубузга Атамбаев кызматтан кетип жатканда кедергисин тийгизди. Мисалы ошол эле Казакстан, Түркия менен алаканы талкалады. Менин эсимде анда Жогорку Кеңеште төрага элем. Түркиянын президенти Режэп Тайип Эрдоган атайын визит менен келгенде “Алмаз Шаршеновичти колдоп койгула”, деп айткан эле. Тилекке каршы ошондой колдоп турган жакын адамын кийин сатып кеткени бул эки мамлекеттин ортосундагы достукту бузганы. Бүгүнкү күндө ал киши менен дагы мамилеси жок.

Мына ошол Атамбаев талкалап кеткен эл аралык карым-катнашты жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан жана Түркия менен болгон мамилени ордуна келтирди. Мунун баардыгын мамлекеттик саясаттагы Атамбаев чыгарган ашмалтайды ордуна келтирүү Сооронбай Шарипович үчүн оңой-олтоң бир жылдык иш эмес.

--Рахмат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости