www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев кезектеги сессия учурунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айдоочулар нааразы болуп жатышкандыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

К. Мүзүралиевдин айтуусунда, шаардыктарда “бакыт каты” боюнча көптөгөн суроолору пайда болууда.

"ГАИде айыппулдар туура эмес жазылган жарандардын узун кезеги жаралууда. Инспекторлор түңкү саат үчтө да жолго чыгып алып, айып салышууда. Бирок айрым жерлерде алардын бул убакытта айып жазууга укугу жок. Биз бул система кандай иштеп жаткандыгын билишибиз керек”,- деди К. Мүзүралиев.

Ал ошондой эле юридикалык компаниялардын айдоочулары айыппулдарды төлөй албай жатышкандыктан, митингге чыгууга камынып жатышкандыгын кошумчалады.

«Медициналык тез жардам кызматынын айдоочулары да нааразы болушууда. 27-мартта юридикалык кмпаниялардын айдоочулары бул айыппулдарга каршы тынч митинг өткөрүүнү пландаштырышууда”,- деп айтты депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости