www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандын коомдук-саясый жана мекенчил уюмдардын кезектеги жыйынына коомдук-жарандык уюмдун өкүлдөрү, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков, Дастан Сарыгулов жана башкалар "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тез арада кылмыш иши козголушу керек" деген пикирин айтты.

--Мурдагы президент камалышы керек? - деп бүгүнкү жыйында бир нече коомдук-саясый ишмерлер айтып өтүштү. Атамбаев камалышы керекпи?

--Атамбаевдин күнөөлүү же күнөөсүз эмес экенин бир гана сот аныктайт. Качан гана сот күнөөлүү деп чечим чыгаргандан кийин күнөөлүү болсо камалышы керек же жоопкерчиликке тартылышы керек. Бизде бир адат пайда болду, бул адатты Атамбаев өзү президент болуп турганда киргизген. Адам соттоло электе эле аны күнөөкөр, кылмышкер кылып аны камап ушундай туура эмес көрүнүштөрдү баштаган. Бүгүн дагы Атамбаев ошол адатын уланттып дагы эле оюна айтып келе жатат. Мен жакында эле “Атамбаев сен кимсиң?” деген макалада суроо бердим. Бул деген анын жеке адамдык аброюна шек келтирүү эмес, “сен кимсиң?” деген сөз соттун чечими жок бирөөнү күнөөлүү деп айтканга укугу жок. Эгерде сот күнөөлүү деп тапса сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек, деди Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын төрагасы Акматбек Келдибеков.

Эске сала кетсек, КР коомдук-саясый  жана мекенчил уюмдарынын биринчи Курултайы 2018-жылы 24-ноябрда болуп өткөн. Бүгүн, 26-мартта ноябрь айында өткөн Курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу боюнча аткаруу комитетинин V-конференциясы болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости