www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Административдик айып пул катары төлөнгөн акча каражаты бюджетке чегерилбегендиги аныкталды. Жакында ИИМдин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын паспорттук-визалык режимди административдик бузуулары үчүн айып пулду төлөөгө арналган акча каражатын ээлеп алуу боюнча коррупциялык схемасын аныктады. Айып пул түрүндө төлөнгөн 1 миллион 40 миң сом акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан. Жакында ушул сыяктуу коррупциялык мүнөздөгү дагы бир башка факты ачыкка чыкты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы Аламүдүн райондук прокуратурасы менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин бөлүмдөрүнүн биринин жооптуу кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкташкан. Аламүдүн РИИБдин ЭММКАКтын эки кызматкерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бюджетке 120 миң сом акча каражаты түшкөн эмес. Текшерүү көрсөткөндөй, чет өлкөлүк жарандар паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн аларга 12 протокол түзүлүп, бирок бюджетке акча каражаты сол чөнтөккө кирип кеткен. Паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандар  “Р” ААК аркылуу төлөп келишкен.

Азыркы учурда аталган факты Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости