www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда Тайванды көз карандысыз өлкө жана Аруначал Прадешти да Индиянын территориясы катары көрсөткөн 30 миң дүйнөлүк саясий картаны жок кылды.

30 миң дүйнөлүк саясий карта, Кытайдын чыгышындагы Шандун провинциясында Циндао бажы кызматкерлери тарабынан жок кылынды.

Карталарда Тайвандын өлкө сыяктуу көрсөтүлгөнү жана Кытай-Индия чек арасынын багыттары сүрөтттөлгөнү белгиленди.

Кытайдын Мамлекеттик кеңеши, 2015-жылы мамлекеттин эгемендигин коргоо үчүн карталардын текшерилүүсүн арттыруу максаты менен бул темада жаңы түзөтүүлөрдү киргизген.

Кытайда 1949-жылы Мао Цзэдундун бийликке келгени боюнча айрым өкмөт мүчөлөрү, Тайванга качып аралда көз карандысыздыкты жарыялаган жана улутчул Кытай деп да аташкан Тайванды курушкан, бирок Кытай Тайвандын көз карандысыздыгын тааныган эмес.

Пекин бийлиги «Жалгыз Кытай» принцибин жактырып Тайвандын көз карандысыздык жарыялаган учурунда аскердик күч менен колго ала турганын билдирүүдө.

Кытай айрыкча Индиянын түндүгүндөгү Аруначал Прадештин Кытайдын жери экенин айтып чыкты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости